Акыркы макалалар

Улуу Жеңишке 68 жыл

Улуу Жеңишке 68 жыл

Бүгун Улуу Жеңишке 68 жыл толду.

Алгач сөздү баштаардан мурда, тарыхка көз чаптырсак.

Улуу Ата Мекендик согуш 1941 - 1945 - жылы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштары Италия, Венгрия, Румыния, Финляндия жана Японияга каршы өз мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн кандуу курөш жүргөн. Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. 130 миңден ашуун адам бул кандуу апааттан кайтпай калган. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк ордени, 73 жоокер Советтер союзунун баатыры болушкан. Бул согушка ар бир үй бүлөдөн согушка жарамдуу, курагы талапка жооп берген агаларыбыз, аталарыбыз согуш талаасына кетип турушкан. Москва шаарын коргоо учурунда Кыргызстандык жоокерлер эрдиктерди көрсөтүп, чечкиндүү кадамдарга барышып, өз жанын да аябай фашисттер менен салгылашышкан. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миңге жакын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар.

Бүгүн борбордук аянтка келген адамдардын саны өтө эле көп болду. Аянтка келээр замат, эң биринчиден болуп көзүмө тегеректеп турушкан бир топ адамдар көрүнүштү. Алардын жанына басып барып карасам "Ордо" оюну болуп жаткан экен.

Тегеректи көз чаптырып карасам, эркектер бир жерге үйүлүп алышыптыр. Эмне болуп жатты экен деген кызыгуу менен барсам, ал жерде да "Турник" оюну кызуу жүрүп жатыптыр.

Мындан сырткары элдерди өзүнүн айланасына топтогон жерге барып, билүүгө аракет кылдым. Көрсө "Таамай атуу" оюну болуп жаткан экен.

Айта кетчү нерсе, борбордук аянттагы бардык оюндар мырзаларга арналып, ал эми айымдарга эч нерсе каралган эмес.

Саат 9да элдер парад болот деп келишкен. Бардыгынын көздөрүнөн бир нерсени күтүп жатышкандыгы байкалып турду. Азизбек ата бир топ жашка чыгып калган, ал атайын Ош облусунун Кара - Кулжа районунан келген. Азизбек ата парадды 3 – 4 саат күттү.

Ал эми Нургул эже мындан эки жыл мурун Санк – Петербург шаарына иштегени кеткен. 2 жыл жүрүп келип, аянтты көргөнгө ашыккан.

"Парад болот деп ойлогом, качан бизде майрамдык маанай болот", - деп өз нааразычылыгын билдирди.

Кээ бир адамдар үчүн парад болбосо дагы, майрам эң сонун маанайда өтүп жатты. Алар бала - чакалары менен бал муздак жеп, эстеликке сүрөткө түшүп жатышты.

Миңдеген адамдар борбордук аянтта парад болот деп күтүп жатышкан кезде, чыныгы майрамдык маанай Жениш аянтында сезилип жатты.

Алгач сөздү Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов баштап, ардагерлерди куттуктады.

Андан соң, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элеси мүнөттүк аза күтүү менен эскерилди.

Мындан кийин, КРнын гимни жаңырып, сөз КРнын президенти Алмазбек Атамбаевге берилди.

"Жеңиш" аянтынын түндүк тарабына талаа чатырлары тигилип, согуштун жана ооруктун ардагерлерине фронттук ботко жана 100 граммдан арак берилип, концерттик программа тартууланды. Бул салтанаттуу иш чара Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган.. Маалыматка ылайык, Бишкекте азыр согушка катышкан 568 ардагер бар.

Ал эми Ош облусундагы кабарчыбыздын маалыматына ылайык, Улуу Жеңиштин 68 жылдыгынын урматына Ош шаарынын борбордук аянтында майрамдык салтанат уюштурулган, Ал театрлаштырылган оюн - зоок программалары менен коштолуп, ардагерлер үчүн сый тамак уюштурулган. Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 43 ардагерлери сый көрүп жатышат. Алардын эң жашы 90 жашта. Кабарчыбыздын айтымында, былтыр Улуу Жеништин 67 жылдыгына 59 ардагер катышкан.

Мындай салтанаттуу иш - чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлдү.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...