Акыркы макалалар

Улуу Жеңиштин ардагери Чодобаев Бакир

Улуу Жеңиштин ардагери Чодобаев Бакир

Улуу Ата Мекендик согушка 68 жыл толгону менен ошол учурдагы кан агуулар, ажыроолор, кыйынчылыктар дагы да болсо согуш ардагерлеринин эсинде. Ал учурдагы чоң ата, чоң апаларыбыздын эрдиктерин эч унутпай келебиз. Бекеринен "'Эч ким, эч нерсе унутулбайт" деп айтылбаса керек. 9 - май жыл сайын белгиленип, чоң майрам болуп келет! Бүгүн Улуу Жеңиш 68 жашка толуп олтурат. Бир кездерде төштөрүнө орден, медалдарын тагынган ак сакалдуу аталар, ак элечек апалар бул салтанаттуу күндүн көркү болоор эле...

Өкүнүчтүүсү, күн өткөн сайын, жеңиш жылдарынын кадамы арбыган сайын ардагерлердин саны азайып барат. Канчалаган эр азаматтар дайынсыз жоголуп кетсе, жеңиш менен кайтып калган өмүрүн эл, жерине арнап, бактылуу өмүр кечирип келе жаткан ардагерлерибиз да жок эмес. Алардын бири, бүгүнкү биздин каарманыбыз Кыргызстандын кадырман инсаны, Ата Мекендик согуштун катышуучусу, бир нече орден - медалдардын ээси Чодобаев Бакир Үмөр уулу. Бакир ата башынан өткөн кандуу согуш жылдары тууралуу сөз кылып, өз калемине таандык ошол согуш, эмгек, күрөш анан келип Улуу Жеңиш күндөрүн баяндаган ыр саптарын окуп берип, эл - журтубузду Жеңиштин 68 жылдыгы менен куттуктады.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...