Акыркы макалалар

Чек ара кызматы: “Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал туруктуу”

КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүндө, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Чаласарт аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган. Учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Таалайбек Усубалиев аталган аймакка барып, чек ара кызматы менен башка мамлекеттик органдардын аракетин көзөмөлгө алууда.

Кыргызстандын чек ара кызматы аталган аймактагы кыргыз-өзбек чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантууда. Кыргыз тарап такталбаган аймактан өзбек тараптын оор техникаларын жана аскер кызматкерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылууда.

Чек арага жакын айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кырдаал КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан толук көзөмөлгө алынган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...