Акыркы макалалар

Өзбекстан талаштуу аймакка аскер техникасын киргизди

Өзбекстан талаштуу аймакка аскер техникасын киргизди

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымдашынча, 18-мартта эртең мененки саат жети жарым чамасында Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 30-40 аскер кызматкери келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп алышкан.

Мындан тышкары өзбек тарап саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген.

Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Ошол эле учурда өзбек жарандарына мындай чектөө коюлган эмес. Үчүнчү өлкөнүн жарандарына «Достук-автодорожный» пункту аркылуу транзиттик өтүү штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына «Баймак-автодорожный», «Кен-Сай-автодорожный», «Кадамжай-автодорожный» өткөрмө пункттары аркылуу кирип-чыгууга тыюу салды.

Ушул тапта эки тараптын чек ара кызматкерлери чек арадагы соңку аракеттер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Буга чейин Аксы районунун акими Медет Айдаралиев “Азаттыкка” өзбек чек арачылары талаштуу аймактагы Кербен - Ала-Бука жолуна туруп алганы эл арасында суроо жаратып жатканын айтып, бул аймакка өзбек тараптын кирип алууга укугу жок экенин билдирген.

Акимдин айтуусунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында Чала-Сарт аттуу 38 гектар талаштуу участок бар. Анын ичинде 1 километр, 800 метр Кербен-Ала-Бука жолу жайгашкан.

Айдаралиев бул аймакка өзбек чек арачыларынын кирип алууга укугу жоктугун, ал жер союз мезгилинен бери Кыргызстандын пайдалануусунда болуп келгенин билдирди.

Ушул тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аймакка барып, абал менен таанышууда.

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиевди кабыл алды. Мамлекет башчысы учурда чек арада көрүлүп жаткан чаралар, көзөмөл-өткөрмө пункттарын модернизациялоо жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү тууралуу кабардар болгону маалымдалды.

Сох жабык турат

Ал арада Өзбекстандын Сох анклавына чек ара өткөрмө бекеттери аркылуу каттамдар токтотулуп, транзиттик каттоого уруксат берилбей жатканын “Азаттыкка” Кыштут айыл аймак тургундары бүгүн эртең менен билдиришти. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү бул маалыматты тастыктап, учурда маселе каралып жатканын, чек ара каттамдар маселеси бүгүн кечке чейин чечилерин ырастады.

Чек ара кызматы азырынча бул маселе боюнча маалымат бере элек. Чек ара эмне үчүн жабылганы ачык айтылбаганы менен, 16-март күнү өзбекстандык айдоочу Фергана-Сох маршруту боюнча Кадамжай районунда кыргызстандык сегиз жаштагы баланы койдуруп кеткенине байланыштуу болушу мүмкүн экенин жергиликтүү тургундар маалымдашкан.

Эки күн мурда өзбекстандык айдоочу Кыргызстандын аймагы аркылуу баратып автобус менен сегиз жаштагы баланы койдуруп кеткен. Каза болгон баланын айылдаштары Өзбекстанга таандык автобустун айнектерин талкалап салгандан кийин Сох анклавынын расмийлерине жарандар Кыргызстан аймагынан этияттап каттоосу керектиги тууралуу эскертүү берилген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...