Акыркы макалалар

Көркөм-Эксперттик комиссиянын курамы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2016-жылдын 25-февралындагы №64 буйругу менен Театр өнөрү боюнча Көркөм-Эксперттик комиссиянын курамын бекитти.

Көркөм эксперттик комиссия 16 кишиден турат. Алар Республиканын бардык аймактарын кыдырып, жаңы спектаклдерди кабыл алып, аларга категория берет.

Театрда коюлган спектаклдердин категориясы жыл жыйынтыгында мыкты театрды аныктоодо маанилүү роль ойнойт.

1. Бекманбетов Фархад – Комиссиянын төрагасы. КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.

2. Алышбаева Дамира- Төраганын орун басары. Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы.

3. Абдыкалыков Акылбек – КР Эл артисти, режиссер, актер, театралдык секциянын башчысы.

4. Шарафидинов Маратбек - КР эл артисти, Опера жана Балет театрынын башкы сүрөтчүсү.

5. Кулмамбетов Жаныш – Театр ишмерлер союзунун президенти,театр сынчысы.

6. Өзүбекова Жеңишгүл – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург.

7. Айтикеева Совхозбек – Улуттук Маданий борбордун башкы адиси, композитор.

8. Абдыкадыров Нурлан – режиссер, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

9. Мидинов Жалил – Куурчак театрынын башкы режиссеру.

10. Сыдыков Тыныбек - Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын адиси, театр сынчысы.

11. Асанбаев Кенжегазы – Кыргыз Улуттук Академиялык драм театрынын музыка бөлүмүнүн башчысы, композитор.

12. Мамазаирова Меңди – драматург, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

13. Карабаев Нурлан – Улуттук Маданий борбордун башкы режиссеру, балетмейстер.

14. Тойбаева Жылдыз – Театр сынчысы.

15. Тентимишев Болот – Орус драм театрынын артисти.

16. Айгүл Умралиева – Бишкек шаардык драм театрынын көркөм жетекчиси.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...