Акыркы макалалар

Тоо кен тармагы Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмүнүн 8% түзөт

Тоо кен тармагы Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмүнүн 8% түзөт

Мындай маалыматты Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөн Зилалиев Монголияда өтүп жаткан жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндөгү эл аралык конференцияда билдирди.

Зилалиевдин ырасташынча, тоо кен тармагы Кыргызстандагы өндүрүш көлөмүнүн 47 пайызын түзөт, четтен келген инвестициянын 31,8 пайызы ушул тармакка жумшалат.

Кечээ башталган эл аралык конференция Улан-Батор шаарында бүгүн жыйынтыкталат. Ага Мьянма,Түштүк Тимор жана Ооганстандын делегациясы катышууда. Долбоор Монголиянын кызматташуу боюнча эл аралык фонду тарабынан уюштурулууда. Ал кен байлыктарды башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...