Акыркы макалалар

Бишкектеги №120 бала бакчанын дагы бир кызматкеринен кургак учук табылды

Бишкектеги №120 бала бакчанын дагы бир кызматкеринен кургак учук табылды

Жакында борбор калаадагы №120 бала бакчанын тарбиячысынын кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыгы ачыкка чыгып, бала бакча жетекчиси менен дарты бар тарбиячы жумуштан алынган эле. Мына ушул окуядан кийин башка кызматкерлер дагы тийиштүү текшерүүдөн өтүп, дагы бир тарбиячыдан кургак учук илдети табылды. Мындай маалыматты Бишкектеги №6 Үй - бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Мунаркан Өмүралиева Марал радиосуна билдирди. Экинчи тарбиячыга кургак учук кесиптешинен жукканбы же ал дагы мурунку тарбиячыдай болуп медициналык китепчеси жок жумушка алынганбы белгисиз. Учурда ал жакта тарбияланып жаткан балдардын ата - энелери арасында кооптонуу күчөп жатат. Алардын айтымында, бардык балдарга эмдөө жүргүзүлгөн эмес жана толук кандуу чаралар көрүлбөй жатат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...