Акыркы макалалар

Кыргызстандан Сирияга же Ооганстанга кеткен адамдардын саны аз

Кыргызстандан Сирияга же Ооганстанга кеткен адамдардын саны аз

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

“Сирияга кеткен же Кыргызстан диний экстремизмдин өрөөнү деген туура эмес же атайын күчөтүлүп айтылган сөз. Анткени, Кыргызстандан Сирияга же Ооганстанга кеткен адамдардын саны боюнча башка мамлекеттерге салыштырганда эң аз. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Кыргызстандан 500гө чукул киши Сирияга кеткен”,- дейт Б.Сейитов.

“Кыргызстанда абал башка мамлекеттерге салыштырмалуу башкачараак. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча эки жылдан бери бир топ иштер жасалууда. Башкача айтканда, бул маселе боюнча эки багыт менен иш алып барып жатабыз.

Биринчиси, экстремизм жана терроризмди алдын алуу үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ага каршы күрөштү күчөтүү. Экинчиси, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу менен алардын келечегин ойлоп, экстремизм багыттына ооп кетпеши үчүн Өкмөт билим берүү уюмдары менен бирге иш алып барышы керек. Анткени, биз бул маселени камап же кылмыш ишин ачуу менен чече албайбыз. (Бирок, бул багыт боюнча да иштерди жүргүзөбүз). Бул маселени чечиш үчүн түпкү маселени жокко чыгарышыбыз керек. Ал үчүн элге аталган маселе боюнча түшүндүрүү иштерин толук жүргүзүү зарыл”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарында биринде “Кыргызстан террористтердин өрөөнүбү?”,- деген маалымат чыгып, ал коомчулукта кызуу талкуу жараткан болчу.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...