Акыркы макалалар

“Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” китеби кыргыз тилине которулат


“Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” китеби кыргыз тилине которулат

Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев Кытайдагы иш сапарында бир катар окумуштуу, тарыхчылар менен жолугушуп келди. Анда Кытай тарап “Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” аттуу китептин мазмуну менен тааныштырган. Авторлор биринчи жолу кыргыздар тууралуу айтылган маалыматтар биздин доорго чейинки 525-жылга туура келерин билдиришкен. Мында Кыргыз каганаты тууралуу сөз болуп жатканы китепте жазылган.

Бул факт Кыргызстандын тарыхчылары үчүн белгилүү эмес экенин айткан Раев, Кытайдын илимпоздору Кыргыз каганаты Барсбектин учурунда гана эмес, биздин доорго чейин да болгонун далилдеп жатканын билдирди.

Кыргыз тарап азыркы учурда бул китепти кыргыз жана орус тилине которуу иштерин башташты. Ошондой эле быйыл Кыргызстанда Кытай окумуштуулары менен биргеликте илимий-тажрыйбалык иш-чара уюштуруу каралып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...