Акыркы макалалар

Өлкөбүздөгү мектептердин 25 пайызы гана компьютер менен камсыздалган

Өлкөбүздөгү мектептердин 25 пайызы гана компьютер менен камсыздалган

Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

Анын айтымында учурда өлкөбүздөгү мектептердин 9 пайызы гана интернет менен камсыздалган. Мындай жагдай билим берүү мекемелеринин бийик тоолуу райондордо жайгашкандыгына байланыштуу.

"Буга байланыштуу биз интернет провайдерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Андан соң 1000 мектепке интернет киргизүү пландалууда”,-деп айтты Э.Сариева.

“Мектептердин 25 пайызы компьютерлер менен камсыздалган. Тактап айтканда 12 балага 1 компьютер дегенди билдирет. Былтыр мамлекеттик бюджеттин эсебинен бул маселени чечүү үчүн 500 компьютер берилген. Быйыл дагы демөөрчүлөр менен сүйлөшүп ушунча компьютер менен камсыз кылабыз деп жатабыз",-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...