Акыркы макалалар

24-мартта оппозиция өкүлдөрү Ошто курултай өткөрөт

24-мартта оппозиция өкүлдөрү Ошто курултай өткөрөт

24-мартта Ошто оппозиция өкүлдөрү курултай өткөрүүнү пландаштырууда. Аны уюштуруу демилгесин «Эл үнү» саясий кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров көтөрүп чыккан. Маалыматка караганда, курултайда учурдагы саясий-экономикалык, социалдык маселелер көтөрүлүп, азыркы бийликтин тагдыры талкууга алынат. Муну «Улуттук оппозициялык кыймылдын» мүчөсү Равшан Жээнбеков дагы тастыктады.

"Курултай өткөрөлү деп Азимбек Бекназаров сунуш берип, биз колдодук. Ага облустардан делегаттар келип катышат. Ошондой эле ушундай жыйындар мындан ары башка аймактарда дагы уланмакчы", - дейт ал.

Боло турчу курултайга оппозициячыл көз караштагы бир топ саясатчылар чакырылган. Алардын арасында Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бегалы Наргозуев сындуу саясатчыларды өзүнө камтыган «Бирдиктүү оппозициялык күч» саясий кыймылы дагы бар экени айтылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...