Акыркы макалалар

Ошто оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча «Ураган» операциясы өттү

Ошто оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча «Ураган» операциясы өттү

2 - 5 - май күндөрү Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан «Ураган» аталышындагы операция өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусундагы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган операцияны өткөрүүнүн негизги максаты – Ош шаарында катталган кылмыштарга тиешеси бар делинген шектүү жарандарды колго түшүрүү, ок атуучу куралдарды, баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөн жарандарды аныктоо, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу болуп саналат.

Аталган операцияны иш жүзүнө ашыруу үчүн атайын кызматкерлерден куралган 8 мобилдүү топ түзүлүп, кылмыштуу топтор көп чогулуучу жайлар, сауна, түнкү эс алуу жайлары, барлар, кафелер, унаа токтотуучу жайлар, базарлардын айланасы текшерүүгө алынды.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...