Акыркы макалалар

Москвада А.Атамбаев В.Путин менен кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулады

Москвада А.Атамбаев В.Путин менен кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулады

Москвага иш сапар менен барган Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Орусия башчысы Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылуусу жана мындан аркы евразиялык интеграция талкууланды.

Путин эки өлкө ортосундагы мамилеге кандайдыр бир баа берүүнүн зарылчылыгы жок деп, Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин айтты. Ошону менен катар ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу экономиканын, социалдык абалдын жакшырышына өбөлгө болорун кошумчалады.

“Биз мурда сүйлөшкөндөй, кызматташтыгыбызды дагы кеңейтебиз, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди Владимир Путин.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев “ортобузда ири соода-экономикалык мамиле гана эмес, биринчи кезекте биз – стратегиялык өнөктөшбүз” деди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...