Акыркы макалалар

Премьер-министр: «Бизнести негизсиз текшерүүлөрдү толугу менен токтотуу керек»

Бул тууралуу Темир Сариев Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

«Ар бир жетекчиге тынымсыз түрдө ишкерлер жана жергиликтүү жамааттар менен жолугушууларды өткөрүп, жаралган маселелерди оперативдүү түрдө чечүү боюнча тапшырма берем. Эгер айрым маселелер Өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган болсо, тезинен демилге көтөрүп, Өкмөткө алып чыгышы керек», – деди Темир Сариев.

Ошол эле учурда бизнес коомчулук менен тыгыз иш алып барып, алардын көйгөйлөрүн оперативдүү түрдө чечүү зарылдыгын белгиледи.

Темир Сариевдин айтымында, бизнес чөйрөнүн учурдагы негизги маселелери катары узак мөөнөткө берилген каражаттын аздыгы, насыя алуу үчүн күрөөгө койчу каражаттын жоктугу, өндүрүлгөн продукциянын татыктуу баада сатылбай жатышы, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр жана тескөөлөрдү атады.

Темир Сариев буга байланыштуу бул маселелерди чечүүнүн алкагында Инвестиция тартуу жана экспортту өнүктүрүү боюнча бирдиктүү институтту түзүү жана чакан, орто бизнести колдоо максатында кредиттерин алууда кошумча күрөө менен камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик гарантиялык фондду түзүү учурда эң керектүү жана маанилүү чаралардан экенин билдирди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...