Акыркы макалалар

Тарых жана маданият жылынын логотиби иштелип чыкты

Тарых жана маданият жылынын логотиби иштелип чыкты

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев билдирди.

“Көпчүлүкө белгилүү болгондой быйыл президентибиз А.Атамбаевдин жарлыгы менен 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Ал эми КРнын Өкмөтү тарабынан 2016-жылдагы иш-чараларды өткөрүү боюнча атыйын комплекстүү иш чаралар иштелип чыкты. Бул 78 иш чара Өкмөттүк гана деңгээлде чечилбестен коомдук уюмдар, бейөкмөт уюмдар жана ага кызыктар болгон ишкерлердин катышуусу менен талкууланды”,-деди С.Раев.

“Мындан тышкары бул жылдын негизги логотиби дагы иштелип чыкты. Логотип негизги эки элементтен турат. Ал жаа жана комуз. Бул эки символ рух менен духтун символун айгинелейт. Кылымдар бою кыргыз элин бүткүл тарыхый чен өлчөмдө рух, күч жана дух сактап келген. Ал эми ушул символдор кыргыз элинин негизги өзөгүн түзгөн жана түзүп келет. Бул өтө жөнөкөй көрүнгөнү менен мааниси жактан абдан терең”,-деп кошумчалады ал .

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...