Акыркы макалалар

“Йакын инкарчылар” Муфтиятка да баш ийбей калган

“Йакын инкарчылар” Муфтиятка да баш ийбей калган

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Бактыбек Осмонов билдирди. Алар алгач “Таблиги жамаат” уюмунун катарынан бөлүнүп чыгышып, андан соң өз алдынча иш жүргүзүшүүдө. Учурда өлкөбүздүн Башкы прокуратурасы менен ИИМнин тиешелүү бөлүмдөрү Каракол шаарындагы бул топтун ишмердүүлүгүн иликтөөдө.

“Тиешелүү мыйзамга ылайык, республикабызда диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөн топ муфтияттын жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болууга тийиш. Бирок жакында Караколдо пайда болгон “Йакын инкар” тобу муфтиятка да баш ийбей жатышат. Мен азырынча тергөө иштеринин алдын ала жыйынтыгы тууралуу айта албаймын. Эгер алардын ишмердүүлүгү мыйзамга каршы келсе, анда чара көрүлөт”,- деди ал.

Айрым маалымат каражаттарында өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочулар деп санаган “Йакын инкар” тобунун мүчөлөрү Ысык-Көлдө пайда болгондугу жазылууда. Өздөрүн Кудай жолунда санаган бул топтун мүчөлөрү чачын, сакалын албай, үй-бүлөсүнө да карабай, эч кандай жумуш жасабаган жашоо образын тандап алышкан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...