Акыркы макалалар

Sputnik агенттигинин фотокабарчысы World Press Photo сынагын жеңип алды

Sputnik агенттигинин фотокабарчысы World Press Photo сынагын жеңип алды

Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин фото кабарчысы Владимир Песня дүйнөдөгү эң абройлуу сынактардын бири болгон World Press Photo сынагында биринчи орунду алды.

World Press Photo — фотожурналистика тармагындагы эл аралык абройлуу сыйлык.

Владимир Песня сынактын "Спорт" номинациясында жеңишке жетти.

Ал сынакка Ветлуга (Москва шаарынан анча алыс эмес) шаарында болгон хоккей беттешиндеги сүрөттөрүн жөнөткөн. Эмгектин аталашы "Ветлугадагы хоккей" деп аталат.

Бул сынакка 128 өлкөдөн беш миң сүрөтчү 82 миң эмгегин жөнөткөн.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2016-жылдын 22-23-апрель күндөрү Амстердамда өтөт. World Press Photo 2016 сынагындагы жеңүүчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсү 45 өлкөдө болот.

Владимир Песня буга чейин Россиядагы бир канча сүрөт сынактарда жеңүүчү аталган.

"Бул абройлуу делинген эл аралык сүрөт сынагында жеңишке жеткеним үчүн чексиз кубанычтамын. Мен Россияны кандай жакшы көрсөм ошондой абалда дүйнөгө көрсөтүп жатканыма бактылуумун. Бул сынак фото журналистиканын өнүгүүсүнө зор салым кошот", — дейт Песня.

Sputnik Images — бул Эл аралык Sputnik маалымат агенттигинин фотобанкы.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу жана коомдун бүйүрүн кызыткан окуяларды 30дан ашык тилде окурмандарына сунуштайт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...