Акыркы макалалар

Кыргызстанда бачабаздар күч алды

Кыргызстанда бачабаздар күч алды

Кыргызстанда акыркы учурларда бачабаздар көбөйүп, жашы жете элек секелек балакайлар жабыркап жатышат. Жыл өткөн сайын көбөйгөн мындай кылмыш былтыр 151 ирээт катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов маалымат берди.

“Бачабаздыктын келип чыгыш себеби, элдин турмушунун начардыгы жана ата – энелердин жетиштүү тарбия бере албай жатышкандыгы болуп эсептелет”, - дейт Жоробай Абдраимов.

Мектепке бара элек наристелердин зордукталышы акыркы 3 жылда кескин көбөйдү. Бирок, кордолгон наристелердин көпчүлүгү ачыкка чыга бербейт. Бачабаздардан жабыркагандардын жаш курагы 3 жаштан жогору.

Бир нече жума мурун ЖК жашы жете элек балдарга сексуалдык ыдык көргөзгөн адамдарды химиялык кастрациялоо боюнча 3 кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан жактырган. Кылмыш – жаза жана жаза аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамды кастрациялоо, соттун жана атайын экспертизалык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...