Акыркы макалалар

Түштүк Корея Кыргызстанга медициналык жабдык түрүндө жардам көрсөтөт

Түштүк Корея Кыргызстанга медициналык жабдык түрүндө жардам көрсөтөт

2016-жылдын май айында Кыргызстанга адистер келип, кайрымдуулук негизинде операцияларды жасары күтүлүүдө.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түштүк Кореянын медициналык уюму макулдашуу боюнча келишимге кол коёрун аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

17-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги Түштүк Кореянын медициналык борбору менен макулдашууга кол коёт.

Андыктан Түштүк Кореянын медициналык уюму Кыргызстанга медициналык жабдыктарды, дары-дармектерди тапшырып, кайрымдуулук негизинде операцияларды жасайт.

Мындан сырткары, кореялык адистер операция жасоодо заманбап техникаларды колдонуу боюнча лекция окушат.

Ал эми май айында Кыргызстанга адистер келип, кайрымдуулук негизинде операцияларды жасары күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...