Акыркы макалалар

Т.Сариев: “Дыйкандар күнөсканадан 10-15 эсе көп пайда көрүшөт”

Т.Сариев: “Дыйкандар күнөсканадан 10-15 эсе көп пайда көрүшөт”

Бул тууралуу бүгүн КРнын премьер-министри Темир Сариев 1-радионун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда бир миң күнөскана курулат. Өткөн жылы жалпысынан 750 күнөскана курулган. Мындан тышкары алма, жүзүм, өрүк жана башка жемиш бактарын кеңейтүүгө көңүл бурулат. Ошондой эле, тамчылатып сугаруу да колго алынмакчы.

“Биз атаандаштык заманда жашап жатабыз. Ошондуктан өндүргөн продукциябыз экологиялык жактан таза жана сапаттуу болушу керек. Түркия, Кытай жана башка мамлекеттерде күнөскана өтө өнүккөн. Андыктан биз да дыйканчылыктын бул түрүнө көңүл буруп жатабыз. Өткөн жылы жалпы республикабыз боюнча 750 күнөскана курулган. Ал эми быйыл бир миңге жеткирүүнү пландаштырып жатабыз. Келечекте аянты 100 гектарга чейинки күнөсканалар курулууга тийиш.

Мен келерки жумада Жалал-Абад облусуна барып, Ала-Бука районундагы 8 гектар күнөскананы өз көзүм менен көрөйүн деп жатам. Эгер помидордун баасы жайында 10-15 сом болсо, кышында 100-150 сомго чыгууда. Демек, дыйкандар күнөсканадан 10-15 эсе көп пайда көрүшөт. Бир гектар алма бактан да 500-600 миң сом киреше тапса болот. Ошондуктан алма, жүзүм, өрүк жана башка жемиш бактарынын аянтын кеңейтүү керек.

Мындан тышкары тамчылатып суугаруу ыкмасы колго алынууда. Логистикалык борборлор да курулуп, келечекте айыл чарба азыктарын чет өлкөлөргө экспорттошубуз керек. Эң негизгиси күнөсканалар сапаттуу жана продукцияларыбыз экологиялык жактан таза болсо, атаандаштыкка туруштук бере алабыз”,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...