Акыркы макалалар

Москва: Чубак ажы менен Абдышүкүр ажынын жыйынына 15 миңдей эл келди

Москва: Чубак ажы менен Абдышүкүр ажынын жыйынына 15 миңдей эл келди

Москвада 14-февраль күнү кыргызстандык диний ишмерлер Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматовдун эл менен жолугушуусуна 15 миңдей адам келди. Алардын баары Орусияда иштеп жүргөн мигранттар.

Жыйын Орусия баш калаасында былтыр жаңы ачылган 10 миң кишилик борбордук мечитте өттү. Интернеттеги фотосүрөттөрдө жана видеотасмаларда мечитке эл батпай, тосмолорго чыгып дин аалымдарынын сөздөрүн уккандарды көрүүгө болот.

Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматов мекендештер менен жолугушуу үчүн барган. Аларды Кыргызстан мусулмандарын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү чакырган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...