Акыркы макалалар

Өзбекстанда “сүйүшкөндөр күнүнүн” ордуна "Бабур күнү" белгиленип жатат

Өзбекстанда “сүйүшкөндөр күнүнүн” ордуна "Бабур күнү" белгиленип жатат

"Сүйүшкөндөр күнү" деп айтылып жүргөн 14-февралдын урматына Өзбекстан баш калаасы Ташкент жана башка шаарларда ырчылар мурда уюштуруп келген концерттер быйыл да токтотулду. Анын ордуна ойчул, акын жана кол башчы Захриддин Мухаммед Бабурдун туулган күнүнө арналган Babur day акциясы өтүп жатат.

Окуу жайларда “сүйүшкөндөр күнүн” белгилеген жаштар жазаланары эскертилди. Өзбекстан бийлиги соңку эки-үч жылдан бери бул датаны майрамдоого тыюу салып, аны улуттук нарк-насилдерге туура келбестигин эскертип келет.

Он жети кылым мурун байыркы Рим элинде белгиленип жүргөн "Ыйык Валентин күнү” дүйнөгө тарап, “сүйүшкөндөр күнү” катары майрамдалат.

Кыргызстанда да диний ишмерлер жана айрым жарандык активисттер бул датаны белгилебөөгө бир канча жолу чакырык жасашкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...