Акыркы макалалар

«Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин тѳрагасы Тимур САРАЛАЕВ: «АЧЫГЫН АЙТКАНДА, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ К

«Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин тѳрагасы Тимур САРАЛАЕВ: «АЧЫГЫН АЙТКАНДА, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ К

Ѳткѳн саныбызда Кыргызстанга чет өлкөдѳн келген мигранттарга карата эч кандай кѳзѳмѳл жок экендиги, жана ошондой эле биздин жарандарга иш орундары жетишпей жатканда сырттан келгендер тейлѳѳ, соода, курулуш, ишкердик жагында мыйзамсыз түрдѳ иш жүргүзүп жатканы сыяктуу маселелер «Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан айтылган. Коомчулукка бул кѳйгѳйдү көтөрүп чыгышкан коомдук бирикменин мүчѳлѳрү бул мезгил аралыгында мамлекеттик кызматта иштеген жооптуу адамдар менен атайы жолугуп, аталган маселе боюнча пикир алышышкан. Эмесе, ал жолугушуудан кийин кандай ѳзгѳрүүлѳр күтүлгѳнүн билүү максатында коомдук бирикменин тѳрагасы Тимур Саралаев менен маектешип, бүгүнкү кеп учугун кайрадан чет элдик жарандар жана биздин ѳлкѳдѳгү мыйзамсыздык тууралуу уладык.

- Тимур мырза, айтсаңыз, кайсыл мамлекеттик органдар чет өлкөлүк атуулдардын келишине жана алардын биздин ѳлкѳдѳ жүрүшүнө жооптуу? Алардын ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

- Балким мен алардын ишин баалап айтсам, анда ошол мамлекеттик органдардын жетекчилери жаман көрүп, капа болушу ыктымал. Бирок, ачык эле айтайын, чет өлкөлүк атуулдарды көзөмөл кылган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын департаменти, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу, жаштар жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ж.б. бул мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн баалай келгенде, «канааттандырбайт» деген баа койсо болот. Ага негиз болгон маселелер тѳмѳнкүлѳр: чет өлкөлүк атуулдардын келишин; эмне максат менен келип жатканын; келгенден кийин алар эмне иш менен алек болуп жатканын; кайсы жерде жашап, кайса тармакта жана мекемеде иш менен камсыз болгонун, ошону менен бирге кайсы адистиктин ээси экендиги боюнча маалымат берилбей жаткандыгы анык болуп турат.

Чет өлкөлүк атуулдарды жумушка алууда, жумуш берүүчү тарап кайсы негиз менен алып жаткандыгы боюнча бир дагы мамалекеттик органга маалымат берилбейт экен. Жумушка алынып жаткан учурда, чет өлкөлүк атуулдардын жумушка берилген лицензиясы көп учурда талап кылынбайт. Талап кылынбашын - мыйзамды бузуу деп кабыл ала берсе болот.

- Кыргызстандын атуулдары үчүн балким сиздер көтөрүп жаткан маселе анчалык деле коркунучтуу эместир, балким сиздер актуалдаштырып жатасыңар?

- Жок, курулай эле бул маселени актуалдаштырып жаткан жерибиз жок, чынында эле бул өтө көйгөйлүү маселе жана аны жакынкы келечекте чечүүгө азыртан муктаждык бар. Калыстык үчүн айта кетели, азыркы күнү жогоруда келтирилген маалыматтар коомчулукка жетпей, көп билинбей жатканы менен, бул маселе келечекте кыргызстандыктар үчүн, орусча айтканда, «мина замедленного действия» болушу толук мүмкүн жана буга ишенбей кайдыгерлик менен кол шилтеп салууга болбойт.

Коюлган маселенин азыркы учурдагы татаалдыгын биринчи кезекте мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү менен байланыштырам. Алар кѳзѳмѳл жүргүзбѳгѳндүктѳн, чет өлкөлүк атуулдар Кыргызстандын аймагына каалагандай кирип-чыгып, кенен-кесири жүрүп, мындай мамилелери менен өзүлөрүнүн жердештерине дагы Кыргызстанга ээн-эркин кире берүүгѳ стимул түзүп аткандыктары анык болуп турат.

- Сиз тийиштүү жетекчилер менен кезигишип, кѳтѳрүлүп жаткан маселе тууралуу кеп жүрүптүр. Бул жолугушуу боюнча кенен маалымат бере аласызбы?

- Ооба, андай жолугушуу ѳткөн аптада болуп, жогоруда келтирилген министрликтердин айрым «жөнөкөй эмес» кызматкерлери менен маек курдук. Жолугушуунун максаты - түз эфир аркылуу теледен ушул маселени ортого салып сүйлөшсѳк дегенбиз. Бирок, алар менен маектешип жатып, мен бир нерсени ачык көрдүм жана түшүндүм - ал жетекчилер бул маселени жөнгө салуу боюнча эч кандай чараларды көрбөйт жана аракет кылбайт. Ошону менен бирге, биз келтирип жаткан маалыматтар алар үчүн ачуу чындыкка жана реалдуулукка жатпайт, керек болсо жакындабайт да экен.

Ѳздѳрүнүн келтирилген маалыматтарын баамдасак, алардын комплекстик нукта иштебегендиги ачык билинди. Бирөөсү 12 000 чет өлкөлүк адам жүрөт десе, экинчиси 20 000ден ашыгыраак дейт. А дагы бир түздөн-түз болбосо дагы, бул көйгөйгө тиешеси бар биздеги мамлекеттик органдын расмий маалыматы боюнча, акыркы 11 айдын кѳрсѳткүчү боюнча эле 101 000ден ашык чет өлкөлүк Кыргызстанда жүрөт. Кыскача айтканда, ички эмгек рыногун коргоо маселесин тийиштүү мекемелер билишпээри анык болду. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын департаментинин жетекчисинин орун басары айрым маселелер боюнча «бизге тиешеси жок, болгону виза беребиз» деген позиция менен сөздөн качып кутулуп жатты жана андан тышкары так эмес маалыматтарды да берди. Ал эми Эмгек, ишке орноштуруу, жаштар жана миграция министрлигинин өкүлү ѳзүнүн маалыматында биздин өлкөнүн аймагында жүргөн чет өлкөлүк атуулдардын ичинен болгону 12 миӊдей гана адам иш жүргүзүү үчүн расмий уруксат алышат дейт. «А калган чет ѳлкѳлүк адамдар эмне кылып жатышат?» деген суроого, «туура эмес кылып, аша чаап бара жатасыңар» деген ойду билдирип, биздин позицияны жактырбады. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, менин оюмча, биринчи ирээтте улуттун кызыкчылыгын ойлоп, жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге иш алып барышы керек. А булар тескеринче эптеп-септеп кутулсак деген ой менен эле жүрө беришет экен. Ушундай нук менен бара беришсе, эл, Кыргызстан эмне болот? Алар менен болгон жолугушуудан кийин, мен ѳзүмѳ керектүү жоопторумду албай эле, тескерисинче түркүн суроолорго кептелип калдым.

- «Сындаган жеӊил, түшүнѳ билүү кыйын» деп айтылат эмеспи, ушул процесстерди жөнгө салуу үчүн сиздерде сындардан тышкары кандайдыр бир сунуштарыңар барбы?

- Сиздин ойго толугу менен кошулам, сындоо дайыма жеӊил. Бирок, бизде албетте сунуштар бар. Курулай эле сындай бергенден алыспыз. Чет өлкөлүк атуулдардын 90%дан ашыгы эмгек ишмердигин мыйзамсыз жүргүзүп келүүсүн жөнгө салыш үчүн, өткөн 2012-жылы Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндөгү» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөгү» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук коопсуздук концепциясы" жөнүндөгү Жарлыгын (09.07.2012.№120) ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасындагы миграциялык процессти жөнгө салуу, ички эмгек рыногун коргоо, улуттук ишкерлик үчүн жакшы шарттарды түзүү, чакан жана орто бизнести активдештүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында дүӊ жана чекене соода-сатык чөйрөсүндө жеке ишкерлик менен алектенген жарандыгы жок чет элдик атуулдардын санын тактоо жѳнүндѳгү» токтомунун долбоору иштелип чыккан. Бирок ошону менен бирге жакшы жазылган айрым нормалар азыркы күнгө чейин ишке ашпай келет. Анын себептери абдан көп: биринчиден, жетекчилердин саясый эркинин жоктугу, экинчиден, ушул чөйрөдөгү паракорчулук жана паракор кызматкерлердин көптүгү, үчүнчүдөн, улуттук кызыкчылыктардын унутулуп калышы.

Ал эми биздин позициябыз жана сунушубуз, Кыргызстандагы чет элдик атуулдардын баардыгын мыйзамдуу түрдѳ жумушка тартуу иши уруксат берүүнүн негизинде жүргүзүлүшү керек. Кыргызстандын аймагында убактылуу эмгек ишмердигин жүзөгө ашырып жаткан чет өлкөлүк атуулдарга расмий документтерди берүү үчүн мамлекет тарабынан 6 000 сом өлчөмүндө гана акы алынат экен, биз аны 2-3 эсе көтөрсүн деген оюбуз бар.

Мыйзам боюнча чет өлкөлүк атуулдарды жумушка тартуу жана алардын жумуш күчүн пайдалануу эрежелерин бузган иш берүүчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылышы керек. Жумуш берген жеке адам үчүн 2000 сомдон 5000 сомго чейин айып пул салынса, юридикалык жактар үчүн 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин айып пул салынат, же болбосо Кыргызстандан чыгарылат. Азыркы учурда чала иштеп жаткан мыйзам нормалары көп чет өлкөлүктөр үчүн майдай жагат деп айтсак болот, себеби бул нормалар өтө эле либералдуу жана айып пулдары жеӊил. Ошондуктан, башка мамлекеттердин тажырыйбасын карап, бизде да айып пулдарды көтөрүш керек, андан тышкары либералдуу мыйзамдарды чет өлкөлүктөр үчүн эмес, кыргызстандыктар үчүн иштетиш керек. Дагы бир биздин сунушубуз, Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүктөр үчүн тилди билүү нормасын киргизүү. Мисалы, сыртка чыгып жаткан кыргыздар бара турган мамлекеттин тилин үйрөнгөнгө аракет кылат экен, а бизде болсо Кыргызстанда жашап туруп эле чет өлкөлүктөрдүн ишканаларында алардын тилинде сүйлөгөнгө мажбурлашат.

Мындан тышкары, улуттун кызыкчылыктарын сактоо максатында жана ички эмгек рыногун, чет өлкөлүк эмгек ресурстарын чектөө үчүн, айрым административдик жоопкерчиликтерди кылмыш-жаза кодекстерине которуу керек. Анткен себеби, учурда көпчүлүк чет өлкөлүк ишканаларда салттуу болуп калгандай, ѳздѳрүнѳ чет өлкөлүк жумуш күчтөрүн гана тартышат. Башкача айтканда, жетекчилери өзүлөрүнүкүнө гана кызыкдар, кокусунан текшерүү келип калган учурларда жоопкерчиликке тартылгандарын уга элекбиз. Бизде сотко чейин эле бүтүрүп коюу жеңил эмеспи.

Жыйынтыктап айтканда, бул багыттагы азыркы акыбалды толугу менен өзгөртүү мезгили келди, дагы убакытты созуп жүрө берсек, кыргыз үчүн келечек абдан тумандуу болору айныксыз.

Маектешкен Элнур Ѳмүрбек тегин

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...