Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө өндүрүлгөн азык-түлүктүн көбү экспортко ылайыкташтырылган

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтуусунда, облустта өндүрүлгөн товарлардын көпчүлүгү экспортко ыңгайлаштырылган товарлар. Мисалы, тоо кен тармагында чыккан товарлардын 90 пайызы экспортко кетет. Ал эми, айыл чарба продукциялары, тактап айтканда, кайра иштетилген азык-түлүктөрдүн көбү экспорттолот. Мындан тышкары курулуш материлдары ички рынокту камсыз кылгандан сырткары экспорттолуп жатат.

«Биз жакында 7 кластердик докуметти даярдап, Өкмөтткө өткөрүп бердик. Анда мөмө-жемиштерди, балык чарба тармагын өнүктүрүү, эт, сүт продукцияларын кайра иштетүү боюнча маселелер каралган. Ошондой эле күнөсканаларды, тамчылатып сугаруу дагы колго алынып жатат. Андан тышкары тоо туризимин өнүктүрүү менен катар курорттордогу дарылоо системасына көңүл буруу багытында атайын класстердик документтер кабыл алынган»-, деди А.Жаныбеков.

«Жакын арада эле крахмал заводу ишке берилди. Эми алдыда курулуш материалдарын ишке берүүсү пландалып, бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...