Акыркы макалалар

Элчи: “Иран Кыргызстанды мунай менен камсыздоого даяр ”

Элчи: “Иран Кыргызстанды мунай менен камсыздоого даяр ”

Бүгүн Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Наджафи Хошруди Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда Кыргыз-Иран кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү темасы тууралуу сөз болуп, элчи сунуш пикирлерди эске алуу менен журналисттердин башка да суроолоруна жооп берди. Жыйындын жүрүшүндө эл аралык мамилелер, Иранга карата санкциялардын алынышы, диний айрымачылыктар, эки тараптуу кызматташуу сыяктуу темалар көтөрүлдү.

Кыргызстан ГЭСтерди курууга инвестор карап жатат. Бул жаатта Иран кандай пикирде?

-Иран жүздөгөн ГЭС жана плотина куруу менен бул жаатта чоң тажрыйбага ээ экенин билесиздер. Кыргызстанда да энергетиканы өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок Иран азарынча бул долбоорду карап көрө элек. Буга өтө чоң суммада каражат кетет. Андыктан тиешелүү эксперттер алгач изилдөө иштерин жүргүзүп, өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүш керек.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдары Ирандык инвесторлор көп келишкен. Кийин азайып кетти. Буга эмне себеп жана алар тартууга кандай шарттар керек?

Ирандык инвесторлор Кыргызстанга көп келип кийин азайып кетишинине ар кандай себептер бар. Бул менен кошо эки өлкөдөгү кырдаалдар да кандайдыр бир деңгээлде себепкер десек болот. Бирок азыр бул тармакта кызматташуу жанданып келе жатат. Эки өлкөдө тең коомдук, саясый абалдын жакшырышы менен экономика, өнөр-жай айыл-чарба тармагы жана башка бардык жолдор боюнча ишти бирге алып барууга жолдор ачылды. Президент Алмазбек Атамбаевдин да биздин өлкөгө барышы менен жакшы шарттар түзүлдү. Жакынкы күндөрү эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча 11-отурум болот. Анда да, расмий жана жеке ишкана, мекемелерден өкүлдөр келиши күтүлүүдө.

Кыргызстанда нефтти кайра иштетүүчү завод курулуп, экинчиси да бүтүү алдында турат. Бирок, сырьё маселеси чоң көйгөйдү туудурат. Эмнеге эки өлкө бул тармакта кызматташпайт?

Туура айтасыз. Бул тармакта жакшы иш алып барсак болот. Өзүңүздөр билгендей, бүткүл Кытайды мунай менен Иран камсыз кылат. Аталган өлкө менен Иран ортосундагы темир жолду куруунун максаттарынын бири да ошол экспортко багытталган. Перс булуңундагы мамлекеттер, жакынкы эле Казакстан менен да жакшы иштешип жатабыз. Эгер Кыргызстан тарап кызыктар болсо, эксперттик топ ылайыктуу жолдорду изилдеп чыгышы керек. Бизге кандай сунуш түшпөсүн карап көргөнгө даярбыз.

Туризм, медицина багыттары боюнча алакалар кандай?

Туризм эки өлкөнүн эң таасирдүү багыттарынан десек болот. Ирандыктар эс алганды жакшы көрөт. Акчалары да бар. Мен ирандыктарга Кыргызстандын туризм тармагы боюнча маалыматтар жетпей жатканына өкүнөм. Медицина жаатына келсек, Иран заманбап жабдыктар, жогорку сапаттагы операциялардын жасалышы менен алдыга чыгып жатат десем болот. Кыргызстандагы бейтаптарды ал жакка жиберип дарылоо сунушун мен кыргыз өкмөтүнө да киргизгем. Бул тармактарда да алакабызды жакшыртсак болот.

Иранга карата санкциялардын алынышы менен Орто Азия өлкөлөрүнө жана Иранга кандай шарттар түзүлүп жатат?

Санкциялардын алынышы эл аралык мамилелерди жана кызматташууну жандантууга жол ачты. Орто Азия мамлекеттерин ала турган болсок, Ирандын кандай гана тармагы болбосун байланышып, жардам жана пайда ала алышат. Мисалы, Банк иштеринде да кызматташтыкты жандантсак болот. Биз көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечип, ар тараптуу кызматташууга кызыктарбыз.

Белгилүү болгондой Ирандан жарандарынын көпчүлүк бөлүгүн шийиттер түзөт. Ал эми Кыргызстанда дээрлик сунниттер жашайт. Бул жаатта кызматташууда Орто Азия анын ичинде Кыргызстан эли менен пикир келишпестиктер болбойбу?

Баарыбыздын Кудайыбыз, Пайгамбарыбыз, Кураныбыз бир. Айрым адамдар Исламды жаман көрсөтүп, мусулмандарды бөлүп жарууга кызыктар. Бирок, биздин жан дүйнөбүз бир экени маанилүү. Иран мамлекети терроризм, экстремизмге каршы. Өзгөчө ИШИМдин аракеттери туура эмес жана ага каршы, муну баса белгилегим келет.

Мындан тышкары Иран - Кытай темир жолу курулуп бүтсө, Кыргызстан транзиттик өлкө болот. Бул экономикага жакшы салым кошоору жана эки өлкө ортосунда авикаттамдарды да ачуу пландалып жатканы айтылды.

Жыйындын соңунда Ирандын элчилиги дайым сунуш пикирлерге ачык экенин айтып, кызматташууну чыңдоодо ЖМК өкүлдөрүнүн ролу чоң экенин белгиледи.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...