Акыркы макалалар

Республикада кургак учук менен 25-40 жаштагы жарандар көп ооруйт

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорун жыйынга саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун концепциясы ар кандай деңгээлдеги ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюуга, аткаруу бийлигинин системасында иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктаган жоболорду мыйзам актыларынан алып салууга багытталган.

Талкууда статистикалык маалыматтарга ылайык, жумушка жарамдуу-25-40 жаштагы жарандардын арасында кургак учук көп катталары белгилүү болду. Ошону менен катар кургак учук ооруканаларына келген-кеткен же кезек күтүп турган жарандарга бул дартты жуктурбоо чаралары көрүлбөгөндүгү белгиленди. Депутат Исхак Масалиевдин суроосунан кийин кургак учук оорусу 100 пайыз айыгып кетпестигин саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев жооптоду. И.Масалиев бул маселеге олуттуу мамиле жасап, коомдук угуу сындуу чоң-чоң иш-чараларды өткөрүүнү сунуш кылды.

Мындан сырткары, талкуунун жүрүшүндө кургак учук ооруканаларынын оор абалы, мындай дартка чалдыккан жарандарга көрүлүп жаткан камкордуктар, кепилдиктер боюнча суроо-жооптор болду.

“Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...