Акыркы макалалар

Жалал-Абад шаарынын бюджети бекитилди

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп, анда 2013-жылдын бюджети 477 млн. сом болуп бекитилди.

Бул тууралуу шаардык кеңешинин каржы, финансы, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурдин Эрматов билдирди. Анын берген маалыматына караганда, 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин шаардын бюджетине республикалык бюджеттен кошумча 50 млн. сом берилип келген. Өткөн жылдын бюджети 510 млн. сом болуп бекиген. Бирок, быйылкы жылы республикалык бюджеттен шаарга бир тыйын да кошумча бөлүнгөн эмес. «Быйылкы жылдын бюджетине шаардык салык инспекциясы тарабынан кошумча божомол планды 20 млн. сомго көп топтоо тапшырмасы берилген. Алардын бул божомол тапшырмасы аткарылса, анда өткөн жылга караганда шаардын бюджети 20 млн. сомго көп болот»,-дейт Н.Эрматов.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

26.04.2013, №16

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...