Акыркы макалалар

Якутиядагы таяк тартышка Кыргызстандан 7 спортчу барат

Якутиядагы таяк тартышка Кыргызстандан 7 спортчу барат

Таяк тартышуу бул якуттардын улуттук оюну

Якут тилинде ал мас деп аталат. Акыркы жылдары дүйнөгө мас-рестлинг аталышында кеңири таралууда. Бул спорт 2003-жылдан баштап Орусиядагы спорт оюндарынын тизмесине киргизилген. Мас-рестлингдин эл аралык федерациясына АКШ, Польша, Кыргызстан, Финляндия, Эстония, Литва өңдүү 35 мамлекет мүчө. Бул оюнду келечекте олимпиадалык оюндардын тизмесине киргизүү аракети болууда.

Оюндун кыскача эрежелери

Таяк тартышуу узундугу төрт метр, туурасы эки метр аянтта өткөн мелдеш. Эки оюнчу карама- каршы отуруп буту менен кырынан коюлган тактайды тээп, 50 см. узундуктагы таякты эки колдоп кармашып тартышат. Спортчулар белине кемер курчанып алышат. Мелдеш калысынын ышкырыгы менен тартышуу башталат. Таякты атаандашынан сууруп алган же каршылашын өзүнүн аймагына тартып алган спортчу жеңүүчү аталат. Эгерде оюнчунун колу эки оюнчунун аралыгын бөлүп турган тактайга тийип калса жеңилди деп эсептелет. Тартышуу эки жеңишке чейин созулат.

Көчмөндөр оюндарына киргизилген

Учурда Кыргызстан эл аралык мас-рестлинг федерациясына мүчө. Кыргызстанда бул федерация 2013-жылы түзүлгөн. Бул оюн быйыл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тизмесине кошулган. Ошондой эле, жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Тандоо турнирине 30 спортчу катышты

Бүгүн Бишкекте жаш өспүрүмдөр арасында “таяк тартыш” боюнча 18 жашка чейинкилердин арасында Азия биринчилигине тандоо туру боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу этно оюндардын изилдөөчүсү Арстан Илибаев “Марал” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бул тандоо турнири мелдешине республиканын бардык аймактарынан 30 жакын жаш спортчулар күч сынашты. Этнолог Арстанбек Илебаевдин айтымында, бул спорт менен бардык жаш курактагы адамдар машыкса болот.

“Бүгүн камдама мелдеши өтүп атат. Июль айында Якутияда “Азиянын балдары” деген 6-жолу чоң мелдеш болот. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 1000ден ашык өспүрүмдөр катышат. Биз ошого карат тандоо турнирин өткөрүп жатабыз. Бул мелдешке Караколдон, Таластан, Бишкектен спортчулар чогулду. Биз мыктыларын тандап алып ошол жака алып барсак абдан жакшы болоор эле”.

Жеңүүчүлөр Якутиядагы чемпионатка катышат

Бүгүнкү турнирдин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде өтүүчү Орусиянын Якутия жергесинде Азиянын балдары аттуу Азиянын биринчилигине катышууга укук алат. Каржылоо жагын спорт агенттиги менен олимпиадалык комитет колго алат. Ошондой эле, февраль айында федерациясы таяк тартыш боюнча республикалык биринчи ачык чемпионатты өткөрүүгө камданып жатат.

“Ушулардын утканы Якутияга барып күчүн сыноого мүмкүнчүлүк алышат. Ага спорт агенттиги колдоо корсөткөнгө даяр. Ошондуктан биз азыр балдарга оюндун эрежлерин түшүндүрүп атабыз. Мисалы азыркы мелдеште 2 мүнөттө утуп алышып атат. Эгерде күчтүү балдар жакшылап тартышса жарым саатка чейин созулат. Таяк кала берет”.

Караколдук спортчулар мыкты тартышты

Тандоо туруна Каракол шаарынан бери келип күчүн сынаган спортчулар да болду. Башкы машыктыруучусу Марат Раматов 6 спортчуну жетектеп келди. Ал турнирге аз күн калганда кабардар болгонун айтат. Мунун айынан спортчулар толук даярданууга жетишкен эмес. Бирок 6нун ичинен 3сү жеңишке жетишип, машыктыруучунун эмгегин актап олтурат.

“Биз Караколдон алты спортчу алып келдик. Убакыт тартыштыгына байланыштуу даярдык аз болуп калды. Анткени бизге мелдештин жобосун жакын арада эле жиберди. Бирок буга карабай 6нун ичинен 3сү жеңишке жетти. Бизден жок дегенде эки бала Якутиядагы мелдешке катышып калат деген ишенич бар”.

Таяк тартыш уникалдуу оюн

Таяк тартыш улуттун оюнун адистер спорттун уникалдуу мелдеш деп эсептешет. Анткени анда атаандашына карата эч кандай зыян болбойт. Ошондой эле, таяк тартышканда дененин бардык мүчөсү кыймылга келет. Ошондуктан спорттун бул түрү бардык жактан керек дейт калыс Орозобек Усупбаев.

“Бул таяк тартыш оюну бизге жаңыдан гана келди. Ошого карабастан көчмөндөр оюндарына кирет. Илгери биздин ата-бабаларыбыз ойноп калышчу экен. Балдардын денгээли абдан жакшы. Кээ бирлери мастерлердин деңгээлиндей тартышып жатат. Калыс катары менин көңүлүмө толуп атат”.

Дастан турнирге бир ай даярданды

Спортто күчтүүлөр жеңет деген эреже бар. Ага ылайык, атаандашынын колунан таякты тартып алып жеңишке жетишкен Бишкектин Москва районунан келген Дастан тандоо турнирине бир ай даярданганын айтат.

“Атым Дастан Москва районунан келдим. 62 кг салмакта күч сынаштым. Мелдешке бир ай даярдык көрдүм. Атаандашым күчтүүлүгүнө карабай 2:1 эсебинде утуп алдым”.

Кыргызстан дүйнөдө алдыңкы орундарда

Маалыматка ылайык, 2014-жылы Орусиянын Якутск шаарында болгон таяк тартышуу боюнча биринчи дүйнө чемпионатына 35 мамлекеттен 200дөн ашуун спортчу катышкан. Бул мелдешке Кыргызстандан сегиз спортчу катышып, мекендештерибиз эки күмүш жана эки коло байгенин ээси болуп келишкен.

Автор: Илгиз Жамалбеков

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...