Акыркы макалалар

Бишкекте айдоочу бир кызды коюп кетти

Бишкекте айдоочу бир кызды коюп кетти

Бишкекте саат 15.30дар чамасында Фрунзе - Карпинка көчөлөрүнүн кесилишинде Ниссан автомашинасы жогорку ылдамдыкта келе жатып, жолдон өтүп бара жаткан кызды коюп кеткен. Натыйжада жабырлануучу кыз бутунан оор жаракат алган. Бул туурасында окуяга күбө болгон Свердлов районунун тургуну Эрнис аттуу жаран “Марал” радиосуна төмөндөгүлөрдү айтты.

Ниссан үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу өз жолу менен өтүп бара жатканын айтып, кыз кокусунан чыга калганын билдирди. Ошондой эле жол четинде турган таксисттер күбө болуудан баш тартышкан. Ал эми жол көзөмөлдөө кызматкерлери болгон окуяга ким күнөөлүү экенине эч нерсе айта албайбыз, тергөөдөн кийин билинет дейт. Кошумчалай кетсек, окуя болгон жерде буга чейин да көп кырсыктар катталганын райондун тургундары айтып келишет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...