Акыркы макалалар

Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук виза киргизүү пландалууда

Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук виза киргизүү пландалууда. Бул тууралуу КР экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жума күнү бизнес чөйрө менен болгон жолугушууда билдирди.

«Инвестлор үчүн электрондук виза киргизүүнү программага киргизгенбиз. Инвестициялык сунуштар болсо, биз жардам берип жана иштешүүгө даярбыз», - деди ал.

Өз кезегинде жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Уран Наизалиев билдиргендей, өлкөдө иинвесторлор өчөн виза алуу жаатында көйгөйлөр бар.

«Мен Ирандан инвестор чакырып жатам, бирок виза алыш үчүн тозокту жети ирет айланып чыгуу керек экен. Андан кийин Иран үчүн жылына 1 миң визага квота бар экендигин билдим. Андай квотанын эмне кереги бар? Баардыгы алар менен иштешкилери келет, а бизде квота. Бирок 200$га баардыгын тез эле чечип алдык, уялган жокпуз», - деди ал.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...