Акыркы макалалар

С.Откеев: “Көпөлөк” кинотасмасын көргөн жаш кыз өмүрүн кыюудан баш тартканын апасы айтты”

С.Откеев: “Көпөлөк” кинотасмасын көргөн жаш кыз өмүрүн кыюудан баш тартканын апасы айтты”

Учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан жаңы фильмдердин бири “Көпөлөк” аттуу тасма өз өмүрүн кыюуну ойлогон жаш кыздын оюн өзгөрткөнүн социалдык тармактардан байкап калдык. Албетте, бышкан ашка сынчы көп болуп бул фильмге сын көз караш менен карагандар да болду. Тасманын режиссеру Сүйүн Откеев, бөдөнө сойсо да касапчы сойсун деп фейсбуктагы баракчасына кино жана сынчылар тууралуу өз оюн айтып чыкты. Режиссер өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу ой бөлүштү.

Өткөн жылы 26-ноябрда биздин “Көпөлөк” аттуу тасмабыз чыккан. Кудайга шүгүр, тасмабыз кинокүйөрмандарына жагып, 2 айдан бери кинотеатрларда көрсөтүлүп келе жатат. Акыркы учурда бул тасмага айтылган сын-пикирлер чыга баштады. Анан чектен чыгып, аша чаап кетишсе, анда жооп бергенге мажбур болот экенсин. Чолпонайым деген карындашым бар. Тасма чыккандан баштап бизге терс пикирлерди айтып туруп алды. Негизи жооп берген эмесмин. Себеби, ар ким өз оюн айтканга укуктуу жана тасмабыз баарына тегиз жагат деген ойдон да алыспыз. Бирок кесипкөй эмес сынчыларга жооп айтууга туура келди.

Кесипкөй сынчы кандай болушу керек сиздин оюңузча?

-Айрым режиссерлор коммерциялык кинолор менен автордук кинолорду салыштыра беришет. Негизи кино коммерциялык жана автордук (артхаус) болуп экиге бөлүнөт. Коммерциялык тасмалардын өзгөчөлүгү: атайын жалпы коомчулукка ылайыкташтырылып, сюжети жеңил, түшүнгөнгө оңой, каражат табууга ыктаган, фестивалдарга катышпаган бирок элдин эсинде калган популярдуу тасмалар болуп эсептелинет. “Артхаус” тасмалар болсо фестивалдарга же автордун айланасындагы бир канча кишиге ылайыкташтырылган, прокаттан каражат таппаган, түшүнүүгө билимди талап кылган, философиялык мааниси терең тасмалар болуп эсептелинет. Кыскача айтканда бирөөсү кашык экинчиси вилка. Бирок экөө менен тең тамак жесе болот. “Көпөлөк” тасмасы тууралуу белгилей кетсем, коммерциялык тасмалардын катарына кирет. Эгерде аны “артхаустун” шаблонуна салып сындай турган болсоң, анда вилка менен шорпо ичкендей эле болосуң. Андыктан сынчы болом деген адам, жок дегенде ушулардын айырмасын жакшылап үйрөнүп алып анан сынашы керек. Же Болот Шамшиевдей болуп, аркасында опол тоодой жумушу, ийгилиги болсо анда башка кеп. Өнүккөн өлкөлөрдө атайын киносынчылар болот. Алар өздөрү кино тартышпайт. 5-6 жыл окушат, билимин алышат анан бүткөндөн кийин профессионалдык деңгээлде коркпой, тартынбай бардык кинолорду сындашат. Сынчылык да улуу кесип, анын деңгээлин түшүрбөсөк жакшы болмок.

Бул жаңы тасмаңыз жаш кызды суицидден сактап калууга себеп болгонун айта кеттиниз?

- Ооба, фильм кинотеатрларда көрсөтүлө баштагандан кийин айрым көрөрмандар мага ыраазычылыктарын билдирип жеке жашоодогу кырдаалдарын айтып беришкен. Тасмада учурдагы айрым кыздардын оор тагдыры жана аны чечүүнүн туура жолдору чагылдырылган. Бир кыз тагдырына нааразы болуп өз өмүрүн кыюуга аракет кылып, көп жолу апасын ыйлатып жүрчү экен. Бул фильмди көргөндөн кийин апасынан кечирим сурап, жашоого болгон көз карашы өзгөргөнүн мага айтып беришти.

Сиз медиа тармагы боюнча дүйнөлүк көз караш менен айтып калдыңыз. Кайсы окуу жайын аяктагансыз? Учурдагы иштериңиз тууралуу айта кетсеңиз.

- Мен мектепти Кыргызстандан аяктап, Германиянын Лемго шаарында Медиапродакшн факультетинде билим алгам. Кыргызстанга келгенден кийин телеканалдарга жана башка медиа тармагында иштөөгө сунуштар түшкөн. Бирок, мен эл алдына чыгып эмес, сахнанын артында иштөөнү жактырам. Тактап айтканда, таланттуу жаштарды эл алдына чыгаруу менен бирге медиа, маданият тармагына салым кошкум келет. Ошондуктан, жеке студия ачып, 7-8 адамдан турган команда менен иштеп баштадым. Көпчүлүк учурда жарнамалык роликтерди жасайбыз, клиптерди тартабыз, андан сырткары бир жылда 1 көркөм тасма тартууну максат кылганбыз. Буга чейин “Соолуган карек”, “Сен эмне кылмаксың?”, “Миллиондук мелдеш”, “Көпөлөк” аттуу фильмдерди тартууга жетиштик.

Учурда айрым режиссерлор замандын талабына ылайык дешип кыргыздын менталитетине туура келбеген уяттуу кадрларды фильмдеринен көргөзүп жатышат. Буга кандай карайсыз? Сиз тасмаңызга ачык кадрларды кошот белеңиз?

- Ар бир чыгармачыл адам ар кандай ой жүгүртөт. Бирок, мен кыргыздын менталитетине туура келбеген чыгармаларды, тасмаларды тартуудан баш тартмакмын. Анткени, өлкөдө тарта турган башка темалар, проблемалар көп. Кыргыздын маданиятын, каада-салтын, адеп-ахлагын сыйлайм жана коомду керексиз нерселер менен адаштыргым келбейт.

- Социалдык тармактарда сиздин кичинекей кыздарыңыздын сүрөттөрүн көрүп калабыз. Көпчүлүк учурда кыздарыңыз сиздин жаныңызда чыгармачылык менен алектенип жүргөндөй. Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Келинчегим Наргиза Палванова кесиби боюнча немис тилинин мугалими. 3 кызыбыз бар. Улуу кызым Айлин 7 жашта, ортончусу Назик 3 жашта, ал эми кичүү кызыма беш ай болуп калды. Аты Сумая. Жубайым азыр кыздарым менен үйдө. Улуу кызым кичинекей болсо да азыртадан эле актриса болуп айрым клиптерге жана тасмаларга тартылып калган. Бирок ортончу кызым Назикке караганда жоош. Назик кызымдын аты эле назик болбосо, азыр өнөрү чыгып, тентегирээк. Үйдө ал ооруп калса же эрте уктап калса, үйдүн ичи тыптынч болуп калат. Анын үстүнө, шайыр жүргөнүнө абдан көнүп калганбыз. Келинчегимдин дагы менин ишимди сыйлап, дайым колдоп турганына ыраазымын.

- Келечекке койгон пландарыңыз?

- Азыркы учурда, акыркы 10 жылда тартылган эң мыкты “30 артхаустук” байгелүү тасмаларды көрүп, анализдеп жатам. Кыскасын айтканда “артхаустук” тасмаларга көз карашым түз жана буюрса жакшы идея табылып калса бир күнү мен да ошондой фильм тартайын деген оюм бар. Чындап көптөн бери өзүмдү ошого даярдап жүрөм. Ким эле “Каннга”, “Берлиналеге” баргысы келбесин. Генерал болууну эңсебеген аскер аскер эмес дегендей, абройлуу фестивалдарга катышуу менин да эң чоң максатым. Кыргызстанга азырынча андай авторитеттүү статуэтка келе элек, тилекке каршы.Андыктан, алдыда жакшылап иштөөгө жакшы стимул турат.

Маектешкен Рахат Саламатова

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...