Акыркы макалалар

Жергиликтүү ун өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн Айыл чарба министрлиги салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган

Жергиликтүү ун өндүрүп чыгарган ишкерлер сырьену сатып алып, кайра аны сатууда кандайдыр бир маселе жаралып жаткандыгы боюнча Айыл чарба министрлигине кайрылыша элек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык–түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Жумабеков билдирди.

“Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин, жергиликтүү ун өндүрүп чыгарган ишкерлерди колдоо үчүн бүгүнкү күндө Экономика жана Айыл чарба министрлиги салык кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштаган. Бул боюнча өкмөттүн чечими чыга элек. Башкача айтканда, сырттан алынып келген буудай үчүн ишкерлер 12 пайыз кошумча нарк салыгын төлөп келген болсо, азыркы биз сунуштап жаткан кодекс боюнча кошумча нарк салыгы таптакыр алынып салынат. Эгерде бул сунуш кабыл алынса, анда биздин ишкерлер Казакстандан келген унга атаандаштыкты жаратат. Ошондо гана жергиликтүү ун чыгарган комбинаттардын да иши үзгүлтүккө учурабайт. Ошондой эле бүгүнкү күндө биздин ишкерлер сырьену сатып алып, кайра аны сатууда кандайдыр бир маселе жаралып жаткандыгы боюнча бизге кайрылыша элек”,-дейт А.Жумабеков.

Белгилей кетсек, жергиликтүү интернет-сайттардын бирине “Кыргызстанда 4 миң адамды иш менен камсыз кылган 27 ун комбинаты иштебей токтоп калды. Ишкана ээлеринин айтымында, Кыргызстан ЕАЭБке киргенден бери продукция чыгаруу өзүн актабай жатат. Мисалы “Москва” комбинатынын жетекчиси Жайнагүл Манасбекова: “Биз чыгарган ун казактардын ун азыктарынын баасына конкурент боло албай калды. Эмнеге? Анткени алардын уну арзан, биздики кымбат. Казак ишкерлери сырьену теңге менен алып, теңге менен сатышат. А биз сырьену доллар менен сатып алып, унду сом менен сатып жатабыз”,- деп билдиргени жарыяланган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...