Акыркы макалалар

Ош мэриясы “Россия газетасына” жазылуу каты боюнча абалды түшүндүрдү

Ош мэриясы “Россия газетасына” жазылуу каты боюнча абалды түшүндүрдү

Ош шаардык мэриясы “Россия газетасы” басылмасына жазылууга эч кимди мажбурлаган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Гүлжамал Жороева билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Ош шаардык коомчулук менен байланыш кызматынын “Россия газетасына” жазылуу өтүнүчү менен мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын, уюмдардын жана Ош шаарындагы ЖОЖдордун жетекчилерине расмий кайрылуусу жарыяланган.

“Биз буга чейин түрдүү газеталар менен, анын ичинде “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу” “Россия газетасы” сыяктуу басылмалар менен иштешип келгенбиз. Алар өздөрүнүн газетасын жайылтууга биздин колдоо көрсөтүшүбүздү суранышат. Өз кезегинде биз ушул жаатта аларга жардам беребиз. Буга чейин биз мындай иштерди оозеки жүргүзүп келгенбиз”,-деди ал.

“Кызматкерлер аталган катты таркаткан учурда мен ооруп, жумушка келбей жаткам. Газеталар менен кызматташтыкты улантуу максатында алар газетага жазылуу тууралуу сунушту жазуу түрүндө таркатышкан экен. Бирок, катта мажбурлоо байкалбайт, анда биздин өтүнүчүбүз эле айтылган”,-деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров мэрия кимдир бирөөлөрдү газетага жазылууга мажбурлай албайт деп белгиледи. “Ал катта мэрия жазылуу өтүнүчү менен гана кайрылган. Бирок, мэрия тараптан аталган газетага мажбурлап катталуу боюнча эч кандай маалымат жок”,-деди ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...