Акыркы макалалар

Өнүктүрүү фонду Нарын менен Таластагы чакан бизнести колдоого каражат бөлдү

Нарын жана Талас облустарындагы чакан ишкерлер Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 15 миллион 750 миң сом насыя алышты. Насыя чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында жылдык 12 пайыз үстөгү менен берилди. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонуданан кабарлашты. Каражатка облустардын эки шаарына эконом класстагы турак жайларды куруу пландалууда. Фонддун жетекчилиги 29-январга чейин Нарын жана Талас облустарында болуп, турак жайга бөлүнгөн жерди көрүшөт жана жергиликтүү ишкерлер менен баарлашмакчы. Аталган программанын алкагында мал чарбачылыгы, курулуш материалдарын жана кийим тигип чыгарган компаниялар насыяларды алгандыгы маалымдалды. Белгилей кетсек, аталган фонд 2015-жылы түзүлүп, уставдык капиталы 500 миллион доллар. Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебиндеги акчанын суммасы 350 миллион долларга жетти. Калган 150 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин этап-этабы менен берилмекчи.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...