Акыркы макалалар

Өкмөт “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары боюнча тиешелүү чараларды көрөт

Өкмөт “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары боюнча тиешелүү чараларды көрөт

Бүгүнкү күндө “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары боюнча маселе бар. Бирок, бул маселе боюнча Өкмөт жана Экономика министрлиги тиешелүү чараларды көрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

“Кыргызстан 25 жыл боюу реэкспорт менен жашап келген. Ошондуктан, азыр экономикабызды башка жагынан карап чыкпасак болбойт. Туура, бүгүнкү күндө “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары боюнча маселе бар. Мурда биз Кытайдын товарларын абдан арзан баада алып келгендиктен, бул эки базарыбыз чоңойгон. Бирок, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин бул маселе келип чыкты. Андыктан бул боюнча башка булакты издешибиз керек жана Өкмөт жана экономика министрлиги да тиешелүү чараларды аткарабыз”,-дейт А.Кожошев.

“Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу 2015-жылы бир жыл мурдагыга караганда 80 миллион долларга азайган. Тактап айтканда, 2014-жылы товар алмашуу 312 миллион доллардан ашса, 2015-жылы 232 миллион 800 миң долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтүн түшүп кетүүсүнө доллардын курсунун жогорулашы жана биздин сатып алуу мүмкүнчүлүгүбүздүн азайышына байланыштуу. Бирок, биз түрк ишкерлери менен биргеликте түз мамиле кылып, бул маселени чечкенге аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө кыргыз-түрк биргелешкен ишканалардын саны 300дүн тегерегинде. Жакында бул биргелешкен ишканалардын санын көбөйтүүнү колго алабыз”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, айрым ЖМКлар “Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден бери “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында соода сатык азайып, бул эки базар жабылып калуу алдында турат”,- деп жазып чыккан. Ошондой эле, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу 2015-жылы бир жыл мурдагыга караганда 80 миллион долларга азайып кеткендиги да айтылган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...