Акыркы макалалар

Сасык тумоонун А “H1N1” түрүнөн (Чочко тумоосунан) айыкса болот

Сасык тумоонун А “H1N1” түрүнөн (Чочко тумоосунан) айыкса болот

Сасык тумоонун бир түрү А “H1N1” түрүн (Чочко тумоосу) жуктуруп алган бейтап, өз убагында эмдөөдөн өтсө, бат эле айыгып кетет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, чочко тумоосу кадимки сасык тумоонун белгилеринен көп деле айырмаланбайт. Бул вируст 2009-жылы Мексикада катталган. Атап айтканда, бул вирусту жуктуруп алган адам чочко баккандыктан, бул вируст чочко тумоосу деп белгилүү болуп калган. Бирок, бул вирус илимий тилде А “H1N1” деп аталат.

“Жаш балдар менен кары адамдарын иммунитетти начар болгондуктан көпчүлүк учурда бул вирусту жуктуруп алышат. Вирус тумоологон адамдан дени сак адамга, аба аркылуу (жөтөлгөндө, сүйлөшкөндө шилекей чачыраганда) жугат. Ал эми бул вирусту жуктуруп алган бейтаптын жанында маскачан жүрүп, алыс болуп (жугуп калышы мүмкүн), ал жаткан бөлмөнү тез-тез желдетип, чаңдарды ным чүпүрөк менен сүртүү туруу керектелет. Ал эми бул вирусту жуктуруп алган бейтап, үйүндө эле жата бербестен, ооруканага кайрылып, өз убагында эмдөөдөн өтсө, көпкө созулбай бат эле айыгып кетет. Тактап айтканда, өткөн жылдын декабрынан бери 325 бейтап кайрылып, алардын 61и чочко тумоосуна чалдыгышкан. Бирок, бейтаптардын баары ооруканаларда дарыланып, бүгүнкү күндө баары жакшы болуп калды. Учурда бул оорунун деңгээли эки эсеге азайды”,- дейт Д.Оторбаева.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Республикалык бюджеттин эсебинен сасык тумоого каршы 24150 доза вакцина алынган. Ал эми айрым ЖМКлар Кыргызстанда сасык тумоонун “H1N1” түрүн (чочко тумоосу) жуктургандардын саны 61ге жетти деп жазып чыккан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...