Акыркы макалалар

Аскер кызматкери көз жумду

Аскер кызматкери көз жумду

Чын куран айынын 28нен 29на караган түнү Бишкек шаарынын Кой - Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскерлер мушташа кетип, алардын бирөө каза болду. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын өкүлү маалымат берди.

Анын айтымында, №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн эки жоокер ижарага алып жашап жаткан батирге келишип, спирт ичимдигин ичип отурушкан. Түнкү саат экилер чамасында сөздөн сөз чыгып, жөнөкөй уруш мушташка айланат. Жыйынтыгында Мейманбек уулу Данияр Керимбаев Азаматты сабап таштаган. Оор жаракат алган К. Азамат Чүй облусттук ооруканага жеткирилген. Эртең мененки саат сегиздер чамасында А.Керимбаев көз жумган.

Керимбаев Азамат 1978 - жылы төрөлгөн. 2009 - жылы Нарын шаардык аскер комиссариаттары аркылуу чакырылган. Ал эми Мейманбек уулу Данияр 1992 - жылы төрөлүп, 2012 - жылы Ак - Талаа райондук аскер комиссариаты аркылуу чакырылган. Учурда Коргоо министрлиги тарабынан кызматтык тергөө иштери жүргүзүлүүдө жана ошондой эле бул өзгөчө кырдаал тууралуу Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына маалымат берилди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...