Акыркы макалалар

Кубакыда милициянын участоктук пункту ачылды

ИИМ министри М.Турганбаев, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлү Э.Каптагаев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Кубакы” участкалык пунктун жана И.Сагынбаев атындагы айылдык милиция бөлүмүн ачышты. Бул тууралуу ИИМдин басма с\з кызматы билдирди.

“Кубакы” пункту Бишкек-Балыкчы жолунун 146 чакырымында турат. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарындагы мал уурулукту болтурбоо жана алдын алуу, ошондой эле Боом капчыгайындагы жол кырсыктарын азайтуу максатында ачылып отурат.

Бул пункт электр менен жылытылып, байланыш коюлган. Ага Тоң району тарабынан 1 жылып жүрүүчү үй берилип, Көк-Мойнок айыл өкмөтүнөн 100 миң сом администрациялык курулушуна берилди.

ИИМи тарабынан 3 штаттык кызмат бөлүндү, 1 опер кызматкери, 1 тергөөчү, 1 участкалык милиция иштеп жатат.

Ушул эле күнү М.Турганбаев жана Э.Каптагаев Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу, милициянын отставкадагы капитаны Иса Сагынбаев атындагы милиция бөлүмүн ачышты. Анда милициянын 9 кызматкери эмгектенип, Бөкөнбаев, Тоң, Коргонду-Булак, Кажы-Сай элдүү пунктарын карашмакчы.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...