Акыркы макалалар

Жогорку сот депутаттарды мандаттан ажыратуу мыйзамдуу болгон деп тапты

Жогорку сот депутаттарды мандаттан ажыратуу мыйзамдуу болгон деп тапты

Кечээ, 21-январда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Чолпон Эсенаманова менен Эльмира Джумалиеваны депутаттык мандатынан ажыратуусу мыйзамдуу чечим болгон деп тапты.

Соттун бүтүмүнө ылайык, Биринчи май райондук сотунун 15-январдагы "мандаттан ажыратуу мыйзамсыз болгон" деген чечими жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы фракция лидери Канатбек Исаевдин арызынын негизинде Эльмира Джумалиева менен Чолпон Эсенаманованы депутаттык ыйгарым укуктан ажыраткан. Ушул фракциянын дагы бир депутаты Урмат Ишенбековдун арызын кароону кийинкиге жылдырышкан. БШКнын мүчөлөрүн айтымында, парламентчилер ыйгарым укуктан ажыратуу тууралуу арызды өз ыктыярлары менен жазган.

Бирок депутаттар арыз жазбаганын билдиришкен. Алардын пикиринде фракция документти жасалма жасаган. Мындан улам эки депутат айым бул тууралуу сотко доо арыз беришкен жана Башкы прокуратурага дагы кайрылышкан.

15-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаттарын мандатынан ажыратуу чечими туура эмес болгон деп тапкан. Соттун чечимине ылайык доо арыз берүүчүлөрдүн арызы толук бойдон канааттандырылган. Судьянын айтымында, Эсенаманова менен Джумалиеванын мандаттарын чакыртып алуу тууралуу 22-декабрда фракция жыйыны болбогону далилденген.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...