Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунда очогундагы күчү 4 баллды түзгөн жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда очогундагы күчү 4 баллды түзгөн жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда очогундагы күчү 4 баллды түзгөн жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдирди.

«Жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:45те очогундагы күчү 4 баллды түзгөн жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Кара-Булак айылынын түштүк-батышына карай 3 чакырымда, Кочкор-Ата шаарчасынын түндүк-чыгышына карай 10 чакырымда, Эски Маасы айылынын түндүк-батышына карай 10 чакырымда, Алма айылынын түндүк-батышына карай 12 чакырыида жайгашкан», - деп билдирди сейсмологдор.

КР калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Кара-Булак айылында – 4 баллга жакын, Кочкор-Ата шаарчасы, Эски Маасы айылы – 3,5 балл, Көк-ТашЮ Алма, Гелеген айылдарында – 3 балл.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...