Акыркы макалалар

Россиядагы кыргыз мигранттарынын саны өсүүдө, акча которуу төмөндөп жатат

Россиядагы кыргыз мигранттарынын саны өсүүдө, акча которуу төмөндөп жатат

Россияда Кыргызстандан барган мигранттардын саны өсүп жатат. Өткөн айда мигранттардын саны 2 пайызга көбөйдү жана 553 миң 910 адамды түздү. Мындай маалымат Россиянын федералдык миграция кызматынын сайтында жарыяланды.

2015-жылы августта республика Евразиялык экономикалык биримдикке кирген жана эми кыргызстандыктар бул биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагында иштеш үчүн жумушка уруксат алуунун кажети жок болуп калды.

Ошол эле маалда The Economist булагы 2015-жылы Россиядагы кыргыз мигранттарынан которулган акчанын үчтөн бири кыскарып кеткенин кабарлайт. Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 2013-жылдын деңгээлине чейин азайганы бул басылма жарыялаган графикте көрүнүп турат.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...