Акыркы макалалар

“Алтынтөр” кен бөлүмүндө геологиялык чалгындоо иштери жер алдынан жүргүзүлүүдө

“Кыргызалтын” ААК ишканасы Нарын облусундагы “Солтон-Сары” алтын кенинин “Алтынтөр” бөлүмүндө геологиялык чалгындоо иштерин жердин алдында жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, “Алтынтөр” бөлүмү С2 жана 4-топтогу татаал кендерге кирет. Мындай топтогу кендер алдын ала геологиялык чалгындоолордун негизинде иштетилет.

“Бүгүнкү күндө “Алтынтөр” бөлүмүндө кенди жер алды менен казып алуу башталды. Ошол эле учурда кендин түштүк жагында ачык жол менен казып алуу жүрүп жатат. Бул иштер лицензия берилген аймактагы кендерди тезирээк иштетүү максатында жүргүзүлүүдө. Аны 2016-2017-жылдарда аткаруу пландаштырылган”,-деп айтылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...