Акыркы макалалар

Бишкекте укук бузган 10 адам кармалды

Бишкекте укук бузган 10 адам кармалды

Үстүбүздөгү жылдын чын куран айынын жыйырма үчүндө, жыйырма төртүндө өспүрүмдөр арасында укук бузуунун алдын алуу жана кароосуз калып, кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Рейдди Бишкек шаарынын мэриясы райондук администрациялар, укук коргоо органдары жана билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте өткөрүлгөн. Рейддин жүрүшүндө 10 укук бузган адамдар кармалган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын кызматкери Эрдешов Аскар маалымат берди.

Анын айтымында, кармалгандардын үчөөсү Өзбекстандын жарандары, бирөөсү 5 жашар баласы менен, биринчи топтогу майып, Новопокровка айылынын тургуну, Бишкек шаарына 3 күн мурда келип, туугандарыныкында жашап жүргөн кош бойлуу аял, “Аламүдүн” базарында соода кылган 15 жашар өспүрүм. Мындан тышкары, Тажикстанда туулган үч аял, алардын бири 10 жаштагы небересин кайыр суратуу үчүн пайдаланган, ал эми бирөөсү 10 айлык баласы менен өзү кайыр тилеп жүргөн. Дагы кармалган 4 жашы жетпеген өспүрүм Ош, Жалал - Абад, Баткен облустарынан келгендер, бирөөсү Милянфан айылынын тургундары болуп чыкты. Алардын бардыгы “Аламүдүн”, “Мадина” базарларында иштеп жүрүшкөндүгү аныкталган.

Рейддин жыйынтыктары боюнча жогоруда аталган адамдар, алардын жакындары жана соода түйүндөрүнүн, базарлардын жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми, кармалаган чет мамлекеттик жарандар боюнча Бишкек шаардык ИИББда тактоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү документтер толтурулууда.

“Ушундай сыяктуу рейддер мындан аркы пландарда да бар”, - дейт Эрдешов Аскар.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...