Акыркы макалалар

Мамсанэпидкөзөмөл департаменти: Кандай гана суусундук болбосун өтө көп ичүү ден соолукка зыян”

Мамсанэпидкөзөмөл департаменти: Кандай гана суусундук болбосун өтө көп ичүү ден соолукка зыян”

«Кока-Кола эле эмес, кандай гана суусундук болбосун өтө көп ичүү ден соолукка зыян. Алтургай суунун өзүн көп ичкен да зыян – көзүң шишийт, бөйрөккө күч келет. Сүт азыктарынан жасалган суусундуктарды көп колдонгондо ич катып, адам кыйналат”-деди Ооруларды алдын алуу боюнча мамсанэпидкөзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков.

Анын айтымында башка суусундуктар сыяктуу эле Кока-Коланы деле мерчеми менен ичүү сунуш кылынат.

“ЖМКларда Кока-Коланы жамандап чыгарып жатышкандыктарынын себеби – ага карата суусундук чыгарышкан кайсы бир атаандаш компаниялар тарабынан атайылап антиреклама жүрүп жатат көрүнөт. Кока-Коланы суусундук катары Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө көп колдонушат. Өлкөбүздө бул компаниянын филиалы да бар, бизден да чыгат. Атаандаш компаниялар кайсы бир суусундукту жамандагандан көрө өздөрү чыгарган продукциясынын сапатына чоң көңүл буруулары керек. Кайсы суусундукту ичишти эл өзү тандап алат”-деди ал.

“Биздин департамент Кыргызстандан чыгабы, чет өлкөдөн келеби ар бир азык-түлүктү текшерип анализин алып турат. Алар биздеги токсикологиялык, бактериологиялык, радиологиялык лабораториялардан дайыма текшерүүдөн өткөрүлөт. Эгерде Кока-Кола ошончолук эле зыяндуу болсо, аны чыгарууга да, сатууга да уруксат бербейт болчубуз”-деп кошумчалады Т. Исаков.

Эскерте кетсек, Кока-Кола суусундугунун ден соолукка зыяндуулугу, анын составында күчтүү ферменттер бар болгондуктан автоунаалардын моторлорун, трубкаларды, раковинаны, унитаздарды жана идиш-аяктарды тазалоого жакшы жардам берери, ошондуктан ашказанга да зыян экендиги ЖМКларга жарыяланган.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...