Акыркы макалалар

Эртең Бишкекте жаңы жылдык балатылар алына баштайт

Эртең Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты алына баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдрди.

«2016-жылдын 15-январынан тарта Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн башкы балатысы, ошондой эле баш калаанын аймагындагы жаңы жылдык жасалгалар алына баштайт», - деп айтылат билдирүүдө.

«Тазалык» жана «Бишкексвет» ишканалары тарабынан А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратынын, Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы балатылар алынат.

Ошондой эле Илбирстин имаратындагы жаңы жылдык баннерлер да алынмакчы.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...