Акыркы макалалар

Жалал-Абаддагы мекемелердин 35% мамлекеттик тил эрежесин сактабайт

Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын 35% мамлекеттик тил эрежелерин сактабайт. Бул тууралуу мэриянын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиева “Азаттыкка” билдирди. Андай ишканалардын катарында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Газ чарба башкармалыгы, Архитектура мекемеси, Каржы министрлигинин бөлүмдөрү бар. Алар эскертүү берилгенине карабай, иш-кагаздарынын баарын расмий тилде жүргүзүп келүүдө.

Мындан сырткары өткөн жылы көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышы боюнча ишкерлерге 35 жолу эскертүү берилип, ага көңүл бурбаган 27 ишкердин жарнактары айрылган.

Мамлекеттик тил мыйзамынын 17, 24, 27-беренелерине иш-кагаздар, көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде жазылууга тийиш.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...