Акыркы макалалар

ИИМ: 2015-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 243 мүчөсү кармалды

ИИМ: 2015-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 243 мүчөсү кармалды

Бул тууралуу бүгүн, 14-январда “Кабар” агенттигенде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М. Каниметов билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 10 адам криминалдык чөйрөдө жогорку макам алып жүргөндөр, алардын ичинде сегизи “смотрящий”, бирөө уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин кенешчиси жана бирөө уюшкан кылмыштуу топтун лидери болгон.

“2015-жылы 12 айдын аралыгында республика боюнча ар кандай кылмыштар жаатында издөөдө жүргөн 42 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жоопко тартылууда. Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 15 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары боюнча изделүүдө”-деди М. Каниметов.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...