Акыркы макалалар

"Ош электр" ишканасы энергияга карыздардын тизмесин биз берген эмеспис дейт...ЖМКлар башканы жазып жатат

"Ош электр" ишканасы энергияга карыздардын тизмесин биз берген эмеспис дейт...ЖМКлар башканы жазып жатат

«Ош электр» ишканасы берди делген – пайдаланган электр энергиясы үчүн көп суммада карызы бар оокаттуу адамдардын ысымдары ЖМКларга жарыяланып кеткен. Башкача айтканда, карызын төлөбөгөндөрдүн көпчүлүгү азыркы, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер экендиги маалымдалган. Бирок, кийин бул белгилүү адамдар “Ош электр” ААКнын абоненттери болуп саналбай тургандыгы айтылууда.

Кандай болгондо да электр жарыгы үчүн көп суммада карызы бар абоненттердин аты жөнү көпчүлүккө белгилүү болуп отурат. Ошол эле учурда бул маалыматтар ЖМКларда да ар кандай пикирлерди жаратты. Жарыяланып кеткен маалыматтарга караганда колдонгон электр энергиясы үчүн «Кара-Алма» мончосу (аталган мончонун көмүскө кожоюну Ош улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров экени айтылып келет) 306 миң сом карызын, «Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбековго караштуу Өзгөн шаарындагы «Дордой» кичи базары 143 миң сомдук карызын төлөй элек экен.

Бул маселеге кайрылган “Turmush.kg” сайты: “Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөн районундагы апасы жашаган үйдө колдонулган электр жарыгы үчүн 160 миң сом, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 20 миң сом, ЖКнын мурдагы депутаты Жыргалбек Саматов 100 миң сомдук карыздарын төлөдү”,- деп жазып чыкты

Ал эми “Марал” радиосу: “Ош электр” ишканасынын маалымат катчысы Талгат Алиханов акылдуу эсептегич орнотулгандан бери түштүктөгү депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, бизнесмендер жүз миңдеген карыздарын төлөп жатышат”,,- деп айтканын келтирди.

Андагы маалыматта Талгат Алиханов: “2015-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча электр энергияга болгон жоготуулар 13,6%ды түзүп, 778 млн кВт/саат электр энергияны жоготтук. Абоненттер 97% электр энергиясын төлөштү, 3 пайызы көп жылдан бери карызын төлөбөгөн абоненттер”,-деп билдирген.

Ошол эле маалыматта “Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаевага тиешелүү Ош шаарындагы муз тебүүчү аянттын карызы 700 миң сомго жеткени айтылат. 700 миң сом карыздын 100 миң сому пения түрүндө. Бирок, аны карызгор төлөбөй турганын билдирген”,-деп баса белгиленген.

Ал ортодо Ош Улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров жаккан электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдүн катарына кирген Оштогу “Кара-Алма” мончосуна ээлик кылбай калганын “Азаттык” сайттына билдирип чыкты.

Анда Асан Мансуров: “Ал жер мага карабайт. Анын азыр кимдики экенин мен билбейм. Иним бирөөлөргө сатса керек...”,- деп билдирген.

(“Кабар” агенттиги: Бул жерде Асан Мансуров “иним бирөөлорго сатса керек” деп өзү айтып жатат “Азаттыкка” берген маалыматында. Демек, А.Мансуров канчалык танбасын бул үй-бүлөнүн “Кара Алма” мончосуна “катышы” бар экендигин өзү айтып жатпайбы).

Ал эми энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Расул Үмбөталиев бул тууралуу “Кабар” агенттигине мындай пикирин билдирген: “Бүгүнкү күндө карапайым адамдардын, өзгөчө пенсионерлердин дээрлик көпчүлүгү электр энергияга болгон карызын өз убагында төлөшөт. Ал эми электр энергияга болгон карызын төлөбөгөн адамдар булар бай адамдар.

Башкача айтканда, мамлекеттик кызматта иштегендер (прокуратура, милиция, салык кызматында, өкмөттө ж.б.) эң көп электр энергиясын колдонушат, бирок, энергиясына болгон карыздарын төлөшпөйт. Анткени, алар кызмат абалынан пайдаланып, электр энергияга болгон карызынды төк деп барган адамдарды, иштен айдатып жиберем деп коркутуп, үйлөрүнөн кууп чыгышат.

Буга кошумча, ушул эле маалыматта: “Электр энергиясын бөлүштүргөн мекеме электр энергияга кимдин канча карызы болсо, аны өз убагында чогултуп, оңдоо иштерин жүргүзүп турганда, электр энергиясында бүгүнкү күндөгүдөй авариялык кырдаал болбойт болчу”,- деген болчу Р.Үмбеталиев.

Бирок, ЖМКларда элдин тескери пикирин жараткан бул маалыматтар тууралу “Ош электр” ишканасынын Башкы директорунун орун басары М.Исмаилов “Кабар” агенттигине мындай деп билдирген: “Айрым жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жана социалдык түйүндөрдө жарыяланган тизменин катарында ИИМ министринин орун басары К.Асанов, экс-премьер-министр Ж.Сатыбалдиев, Ош драм театрынын директору А.Мансуров жана экс-депутаты У.Аманбаева ж.б. кызматта иштеп жүргөн жана мурдагы чиновниктердин электр энергиясына болгон ири суммадагы карызы тууралуу маалыматты “Ошэлектр” ААК берген эмес. Аталган чиновниктер “Ошэлектр” ААКнын абоненттери болуп саналбайт. Ошондуктан алардын электр энергиясына болгон ири карызы тууралуу бөлүштүрүү компаниясы жоопкерчиликти албайт”,- деген болчу.

Ошону менен “Ош электр” ишканасына карызы бар чиновниктер тууралу ЖМКларга бирин-бири төгүндөгөн маалыматтар чыгып кетти. “Ош электр” ишканасы жалган айтып жатабы же ЖМКлар “өрдөк учурдубу” бул тактай турган маселе. Бирок, бир нерсе айкын. Бул айрым мамлекеттик кызматкерлер электр энергиясына карызын төлөбөй жүргөндүгү тууралу көп эле айтылып келет...Коомдук пикир мындайда абдан маанилүү.

Шаххан Мырзабеков, “Кабар”

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...