Акыркы макалалар

Банан - мырзалар көңүл бура турган азык

Банан - мырзалар көңүл бура турган азык

Эт жумшак, ширелүү болуп бышыш үчүн аны кууруудан мурун бир нече мүнөткө банандын кабыгына ороп, сыртынан жип менен байлап коюңуз. Андан кийин куурулган эт жумшак эле эмес, өзгөчө даамдуу да болуп бышат экен. Эмесе, банандын ушул сыяктуу дагы көп кызыктарын төмөн жактан окуй аласыз

Бир бананда 90 килокалория бар экенин унутпаңыз

Банан биринчи жолу эне мээримине ээ болуп, бала эмизип жаткан энелерге күч-кубат берет жана операция болгондон кийинки алсыздыкты жеңүү үчүн да таасири чоң. Ошондой эле бул жемиш аялзатынын дене-мүчөсүн бир калыпта кармап, ашыкча салмактуулуктан сактайт. Бирок, бир бананда 90 килокалория бар экенин унутпаңыз. Аны көпчүлүк учурда салмак кошуу үчүн колдонушат. Бананды сүт менен колдонууда кылдат болуңуз. Ошондой эле, ачытылган капуста менен кошо пайдаланганда ички ичеги кислоталар жогорулап кеткендиктен, жегенге тыюу салынат. Бирок, ошентсе да жер жемиштерге кошуп, ар кандай салаттарды жасап жесе, абдан таттуу жана пайдалуу. Эгер сиз кант диабети менен ооруп жүрсөңүз аны жегенге болбойт. Анткени банандагы кара тактар андагы канттын көптүгүнөн кабар берет.

Банан - эң биринчи мырзалар көңүл бура турган азык

Баса, банан биринчи кезекте мырзалар көңүл бура турган азык. Анткени, ал мырзаларга көп энергия тартуу кылат. 30 мүнөттөн кийин канда жетишерлик глюкоза пайда болуп, активдүү боло түшүшөт. Ал потенцияны көтөрүүдө чоң роль ойногон азыктардын катарына кирет. Банан калий булагы болуп эсептелип, жүрөккө, мээге, сөөккө, муундарга, тишке жана эң негизгиси булчуңдарга таасири чоң. Көп эркектер энергия топтош үчүн жатарда көп банан жеп алышат.

Бак-дарак митесинен арылтууда

Багыңызда өсүмдүк митеси көбөйүп, гүлдөрүңүз менен жемиш бактарыңыздын жалбырактарын оюп жей баштадыбы? Банандын кабыгын майдалап, жемиш багынын айланасына 2-3 сантиметр тереңдикке көмүп коюңуз. Аз күндөн кийин ал мите курттар менен кош айтышасыз.

Тишти агартууда

Банан саргарган тишти агартууга да жардам берет. Анын кабыгы менен тишиңизди күн сайын 2-3 мүнөттөн сүрүңүз. Бир нече күндөн кийин тиштериңиздин агарып калганын байкайсыз.

Этти жумшартууда

Эт жумшак, ширелүү болуп бышыш үчүн аны кууруудан мурун бир нече мүнөткө банандын кабыгына ороп, сыртынан жип менен байлап коюңуз. Андан кийин куурулган эт жумшак эле эмес, өзгөчө даамдуу да болуп бышат.

Күйүктү айыктырууда

Теринин күйүп калган жерине банан кабыгын ич жагынан коюп таңып алыңыз. Кабыктын курамындагы май ооруну басаңдатат жана күйүктүн батыраак айыгышына жардам берет. Ушул эле ыкма буттун же колдун карарып кеткен жерин айыктырууда да натыйжалуу.

Күмүштөн жасалган зер буюмдарын тазалоодо

Банандын кабыгын аарчып, анын ички бети менен күмүштөн жасалган зер буюмдарыңызды сүртүп, андан кийин таза чүпүрөк менен аарчып салсаңыз, зер буюмуңуз жалтырап калат.

Бөлмө гүлдөрүнө кам көрүүдө

Кам көрүлбөй бозоруп, соолуй баштаган гүлдөрдүн жалбырактарына банандын кабыгынын ички бетин сүртүп чыгыңыз. Андан кийин суу чачпаңыз, болбосо чаң мурункудан да көп топтолот. Бир аздан кийин гүлдөрүңүз жапжашыл болуп бажырайып калат.

Сөөлдөн арылууда

Бананды эзип, сөөлдүн үстүнө койсоңуз болот. Же болбосо кабыгынын ички бетин сүртүңүз. Бул жемиштеги калийдин көп өлчөмү сөөлдүн тезирээк түшүшүнө жардам берет.

Банандын курамы жана пайдалары

1. Банандын курамы С, В витаминдерге бай жана сасык тумоодон сактап, чарчаганды көп сездире бербейт.

2. Бир күндө эки банан жеген адам организмин калий менен камсыз кылып, бир күндүк энергияны топтой алат.

3. Бананды күнүгө жеген адамдын кан басымы калыбына келип, эч кандай дары колдонууга муктаж болбойт.

4. Бөйрөгү, боору ооругандарга банандын жардамы чоң.

5. Спорт менен машыккан адамдар короткон энергиясын эки банан жеп калыбына келтирсе болот.

6. Банан организмдеги углеводдорду калыбына келтирип, жеңил азык катары колдонулат.

7. 100 граммда 90 килокалория камтылган, бирок, майы жок. Андыктан арыктоону самагандар күнүмдүк азыктануусуна аны кошуп койсо болот.

8. Банан тамак сиңирүү үчүн он эки эли ичегинин иштешин жакшыртып, шекер менен майдын сиңишин камсыз кылат.

9. Бананда темир камтылгандыктан кандагы гемоглобинди көтөрөт.

10. Банан курамындагы калийдин көптүгү боюнча биринчиликте турат. Калий жүрөккө, мээге, сөөк-муундарга жана боорго абдан пайдалуу.

11. Банан менен өз организмибизди 400 миллиграмм калий менен камсыздай алабыз. Бул болсо, кан басымынын жогорулашын, иштөө тартибинин бузулушун, организмдеги туздуу суунун алмашуусун жана ашыкча зыяндуу заттарды сыртка чыгарууну нукка салат да, бөйрөк ооруларында колдонулуп, мээни кислород менен азыктандырат.

Банандын түрлөрү

“Чикита” Бул башка банандардан даамдуулугу, өтүмдүүлүгү менен айырмаланат. Баасы 95 сомдон 125 сомго чейин.

“Бананза” Бул бананды азыр сатыкта көрүү кыйын. Себеби, эң арзан банан түрүнө кирет.

“Кумурска” Бул банан да азыр сатыкта жок.

“Бананголд” Бул да орточо банандардын катарын толуктайт. Баасы 80 сомдон 100 сомго чейин.

“Лаурита” Бул да аз кездешкен банандардын катарын толуктап, баасы 90 сомдон жогору бааланат.

“Донкарлос” Бул банандын башка банандардан айырмасы узун убакытка сакталып туруусунда. 90 сомдон жогору бааланат.

Учурда сатыкта көп кездешкен банандардын ичинен эң даамдуусу “чикита” бананы. Бул банан дааналап сатканда 18 сомдон 20 сомго чейин бааланат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...