Акыркы макалалар

Кыргызстанда жер силкинди

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2016-жылдын 1-январында саат 04:15 чамасында Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чек арасында очогунда 5 балл болгон жер титирөө катталган.

Жер титирөө очогу Сузак районунун Төш айылынан 5 чакырым түндүк-батышты карай, Арал айылынан 15 чакырым түндүк-батышты карай, Сузак айылынан 26 чакырым батышты карай жана Жалал-Абад шаарынан 35 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Төш, Арал айылдарында 5 балл, Жалал-Абад шаарында 4 балл жана Ош шаарында 3 балл сезилди.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...